KELECHEK
rek

Ош: цивилизация канализациядан башталат (ФОТО)

Ош: цивилизация канализациядан башталат (ФОТО)

Кечээ, 29-июль күнү “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекет ачылуу аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Швейцария өкмөтүнүн экономика боюнча мамлекеттик секретариатынын өкүлү Франсуа Саламе, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук  Азия аймактары боюнча башчысы Нейл Макейн, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Саркынды сууларды тазалоочу бекеттин долбоору 2011-жылы башталган. Каржы жактан колдоо Швейцария Өкмөтү тарабынан 4,3 млн. кайтарымсыз грант түрүндө жана ЕБРР банкы тарабынан 3,0 млн. кредит түрүндө бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн каражаттарга 5,7 чакырым болгон таза суу системасы жаңыланып, насостук бекеттердин жабдууларын толугу менен заманбап жабдууларга алмашылып, 7,7 чакырым болгон жаңы канализация системасын курулуп, Туран аймактык кеңешине 3360 дистанциондук суу эсептегичтер орнотулуп, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу бекетти реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров бекет 40 жылдан ашуун убакыттан бери каралбай калганын айтып, саркынды суу тазалоочу бекетти калыбына келтирүүдө чет элдик уюмдардын жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин билдирди.

 - Каражаттын бир бөлүгү кубаттуулугу 80 миң.м3 болгон II кезектеги механикалык тазалоо бөлүгүн реконструкциялоого жумшалды. Бекет Орто Азияда биринчилерден болуп заманбап жабдууларга алмаштырылып ишке берилди. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин саркынды суулар, адам күчү менен тазаланып келген жумуштар толугу менен автоматташтырылды. 2014-жылы КР Президенти тарабынан I кезектеги саркынды сууларды тазалоо бекетин капиталдык ремонтоо жана ишке киргизүү максатында 9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул иш аракеттер саркынды суу тазалоо бекетинин өндүрүмдүүлүгүн дагы 20 миң куб көрсөткүчүнө арттырат. Ошондо бул аталган өндүрүштүк объектибиздин кубаттуулугу 100 миң куб. көрсөткүчүнө жетет,- деди З.Аскаров.

Белгилей кетсек, I кезектеги кубаттуулугу күнүнө 20 миң м3 саркынды сууларды тазалоочу бекети 1965-жылы курулган, II кезеги 1977-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык ремонттоо, жабдууларды алмаштыруу, имараттарды ремонттоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында, бекет моралдык жана физикалык жактан эскилиги жетип, саркынды сууларды тазалоо иштери адам күчү менен гана жүргүзүлүп келген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13