Диний кастыкты козутууга шектелип издөөдө жүргөн атуул кармалды
Эл аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад шаарынын Хаджибаева көчөсүнүн тургуну 1963-жылы туулган Мулабаев Махамматжан Юсупович Жалал-Абад ШИИБнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ал буга чейин 2003-жылы “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмун колдоп, диний кастыкты козутуу фактысы менен 3 жылга шарттуу соттолгон. 2011-жылы кайра эле жогорудагы мыйзамсыз уюмду колдоп, эл арасында үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү аныкталып, КР КЖКнин 299-беренеси (Диний кастыкты козутуу) менен Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши тергелип, айыбы угузулуп сотко жиберилген.
Бирок соттук отурумга катышпастан, изин жашырып качып кеткен. Мулабаев Махамматжан 2012-жылдын апрель айынан эл аралык издөөгө алынган жана Россия Федерациясынын Дагестан республикасында качып жүргөн.
Жалал-Абад ШИИБ жана Жалал-Абад шаардык прокуратурасы менен биргеликте М.Мулабаевдин Кыргызстанга келээр күнү аныкталып, аткарылган ыкчам маалыматтын негизинде бүгүн, 29-июль күнү таңкы саат 04:00 чамаларында Манас аэропортунан Жалал-Абад ШИИБнүн ыкчам өкүлдөрү тарабынан кармалды.
Азыркы учурда М.М.Юнун мыйзамсыз уюмдар менен байланыштыгы жана башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56