KELECHEK
rek

Сузакта жалгыз бой жашаган аялдарды коркутуп уурулук жасап жүргөн каракчы кармалды

Сузакта жалгыз бой жашаган аялдарды коркутуп  уурулук жасап жүргөн  каракчы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын башынан бери Сузак районунун Лавдан-Кара айылында “маньяк пайда болуптур”  деген ушак сөз эл арасында пайда боло баштаган. Себеби, аталган райондун аймагындагы  5 үйгө белгисиз кылмышкер беткап кийип түн ичи бастырып кирип үй ээлеринин мойнуна бычак (отвертка, кайчы) такап коркутуп акча, зергер (алтын) жана үй буюмдарын уурдап кетип жаткан.  

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, каракчы жалаң жалгыз бой жашаган аялдардын үйүнө кирген жана “бирөөгө айтсаң өлтүрөм” деп коркутуу жолу менен кылмыш жасап жүргөн. Ал эми айрымдарын “акча таппасаң зордуктайм” деп да опузалаганын жабырлануучулар өз арыздарында билдиришкен.

Ал акыркы жолу 22-июлдан 23-июлга караган түнү саат 02:30 чамасында адаттагыдай Сузак районунун Благовещенко айылындагы үйлөрдүн бирине кара түстөгү беткап  кийип алып  бастырып кирип,  колундагы бычагы менен  21 жаштагы кызды коркутуп, акча издей баштаган учурда кыз каршылык көрсөтүп, колунан бычагы түшүп кеткенде терезеден секирип качып кеткен.

Жабыр тарткан жарандар милицияга арыз менен кайрылып, аталган фактылар  боюнча Сузак РИИБнүн  оперативдик  тобу  толук курамында окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдарды топтошкон жана КР КЖКнин 167-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту (Тоноо) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 26-июль күнү шектүү катары Сузак районунун 19 жаштагы Ч.Р. аттуу тургуну Сузак РИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...