
АКШ Орусиянын Алепподогу "гуманитардык операциясына" тынчсызданууда

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Алепподогу “масштабдуу гуманитардык операциясына” карата тынчсызданганын билдирди. Москва мындай жол менен козголоңчулардын багынуусун талап кылып, курчоодо калган шаардагы жай тургундарды көчүрүү ниетинде экенин жарыялады.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-июлда Орусия жана Сирия бийликтери согуш жүргөн Алеппо шаарынын карапайым тургундары аймактан чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачарын айткан. Ошондой эле куралын таштап, багынып берген жоочуларга да ушул жол аркылуу шаардан чыгууга уруксат берилери маалымдалган. Шойгу үч гуманитардык коридор ачыларын жана шаардын сыртынан азык-түлүк жана эң биринчи зарыл жардамдар берилерин кошумчалаган.
Алеппо Сириядагы ири шаарлардын бири. Ушу тапта ал жерде Орусия колдогон Сирия бийлиги козголоңчуларга каршы көзөмөлүн күчөттү. Кагылыш аймагында 250 миң жай тургун бар экени айтылат. Калаанын айрым жашоочулары сунуштан баш тартышты. Алар Алепподо акырындык менен өлүү же шаарды таштап кетүү учурунда кармап, кыйноого алып өлтүрүү ортосунда тандоо берилип жатканын билдиришүүдө.
Ал ортодо Сирия президенти Башар Асад үч ай ичинде куралын таштап, багынып берген жоочуларга мунапыс берүүнү сунуштады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52