KELECHEK
rek

Өмүркулов: Башмыйзам боюнча референдумду күзүндө өткөрүү сунушталууда

Өмүркулов: Башмыйзам боюнча референдумду күзүндө өткөрүү сунушталууда

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Башмыйзамды өзгөртүүгө тиешелүү мыйзамдар жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылмакчы. Мындан соң аталган мыйзамдар парламентте чыгарылып, референдум ушул жылдын күз айларында өткөрүү пландалууда.

- Биз референдум өткөрүүнү демилгелеп жатабыз. Мыйзамдардын толук текстин коомдук талкууга чыгарууну депутаттар сунуштап жатабыз. Ал жерден биздин жарандар ачык-айкын талкуулап, өзгөртүү толуктоого өз сунуштарын берсе болот. Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүүнү тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана башка өзгөртүүлөр каралган, - деди Өмүркулов.

Иса Өмүркулов референдум өткөрүү демилгесин парламенттеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары сунуштап жатканын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдин колу коюлган документ тараган. Анда парламенттин аппарат жетекчисине Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга чыгаруу үчүн тапшырма берилген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12