Өзбекстанда эне 11 айлык баласын Фергана каналына ыргытып жиберди
Фергана облусунун Риштан районунун 26 жаштагы тургуну 11 айлык чүрпөсүн Чоң Фергана каналына ыргытып жиберген. Ал мындай кадамга жарандык никедеги күйөөсү баланы таануудан жана алимент төлөөдөн баш тарткан соң барган. Наристенин сөөгүн эки күндөн кийин коңшу айылдагы фермер таап алган.
Укук коргоо органдарындагы булактын маалыматына караганда, аял эки сапар турмушка чыккан.
–“Жеңил ойлуу” айымдардын катарына кирет. Түгөйү менен ажырашып, кийин андан алимент өндүрүп алуу үчүн сотко кайрылган, бирок ымалашы бала андан эмес экендигин айткан. Акча өндүрө албаган соң аял ачууланып, чүрпөсү менен сууга боюн таштоону чечкен. Алгач баласын ыргытып, бирок өзүн өлүмгө кыюуга батынган эмес, – деди ал.
Баланын сөөгү фермердин талаасына агып келген, ал милицияга кайрылган.
Бирок башка бир булактын айтымында, аял "түнкү көпөлөктөрдүн" катарына кирчү эмес. Жашоо-шарттын начардыгынан оор психологиялык стресске кабылган .
Учурда баласын өлтүрүүгө айыпталган аял кармалды. Ага карата “Атайлап адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05