Хиллари Клинтон АКШ президенттигине расмий талапкер болду
Ал Американын тарыхындагы алгачкы аял-президент болушу ыктымал. Мурдагы биринчи айым, сенатор жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Демократиялык партия тарабынан АКШ президенттигине талапкер болуп расмий бекитилди. Муну менен ал Америка башчысынын ордуна талапкерлиги ири партиядан көрсөтүлгөн алгачкы аял болуп калды.
Клинтон курултай делегаттарынын 2821 добушун алууга жетишкен, тиешелүү босого 2383 добуш болчу.
Мурдараак аны праймериз боюнча негизги атаандашы Берни Сандерс колдоп чыккан. "Хиллари Клинтон АКШнын кийинки президенти болууга тийиш. Ага тең келүүчү атаандаш жок", - деди ал.
Соңку коомдук пикирди иликтөө көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы Хиллари Клинтонго терс мамиледе. Бул Дональд Трамптын рейтингине салыштырмалуу болгону 5 пайыз төмөн дегенди билдирет. Бул арада Мишель менен Барак Обамалар, Билл Клинтон, Берни Сандерс Демократиялык партиянын съездинде сөз сүйлөп, Хиллари Клинтон боюнча жакшы таасир калтырууну максат кылышууда.
АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12