KELECHEK
rek

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР “ЖАЛАЛ-АБАД №27” СУУСУН КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕР ДА СҮЙҮП ИЧИШЕТ

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР “ЖАЛАЛ-АБАД №27” СУУСУН КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕР ДА СҮЙҮП ИЧИШЕТ

Жалал-Абад шаарында чыгуучу №27-булактын минерал суусун бир эле Кыргызстанда гана эмес коңшу мамлекеттерде да дартка дабаа деп сүйүп ичишет.

Мезгил талабына жараша “Бурулсун” ПЭТ ишканасы суусундуктарды чыгарууда заманбап жабдыктарды орнотуп, кардарлардын купулуна толуу үчүн аракеттерди жасап келе жатышат. Ишканадагы жаңылануулар боюнча №1 суусундуктарды куюучу цехтин башчысы Абдилбекова Гүлшайыр Бактыбаевна бизге маек куруп берди.

Анын берген маалыматы боюнча, автоматташтырылган үйлөтүп берүүчү жаңы линияны STM фирмасы Польшадан алып келишкен. Деталдары болсо Европада жасалган. Аларды чогултуп линия куруп беришкен.

- Польшанын STM фирмасынын жабдуулары 2023-жылы апрель-март айларында коюлуп, июнь айында ишке түшүрүлгөн. Суу чыгаруучу цех кайрадан жаңыланып курулган. Өзгөчөлүктөрү переформаны үйлөтүп, заманбап ыкма менен тазаланып, боклашкага (желим бөтөлкөлөргө) айлантып, андан кийин суусундуктар куюла турган жабдууларга берилет.

Мурда преформаны (калыпты) үйлөтүп, анан өндүрүшкө берилчү. Бул жерде заматта эле үйлөтүлүп, өндүрүшкө берилет. Дагы бир өзгөчөлүгү сууну өзү муздатып өндүрүшкө берет. Мурда бул ишти 15-20 адам аткарчу. Азыр бардык иш автоматташтырылган.

Жаңы заманбап Польшанын STM фирмасынан келген жабдуулары преформаны (калыпты) үйлөтүп, боклашкага айлантып, дароо эле суусундуктарды куюучу жабдууга өткөрүп берет. Буга чейинки иштеп жаткан жабдууларыбызда преформаны өзүнчө үйлөтүп, андан кийин өндүрүшкө берчүбүз.

Азыркы жаңы жабдуулар менен преформа заматта үйлөнүп, суу куюучу боклашкалар ошол заматта өндүрүшкө берилип, ага суу куюлат. Сууну өзү муздатып, анан өндүрүшкө берет. Мурдагы жабдуулар №27-булактан сууну алып келип, топтоп, анан аны амиачный муздаткандан кийин өндүрүшкө берилчү.

Эми жаңы жабдуулар менен ошол №27-булактан алып келинген минералдык суусу цехке келээри менен эле эң жогорку заманбап суу тазалоочу цистернадан өтүп, анан бир заматта эле өндүрүшкө кирет. Филтирлерибизде микробиологиялык заттардан тазаланып, өндүрүшкө берилип, ошол жерде муздатылып, газ менен аралаштырылып, 4-3 градуска чейин муздатылып, өндүрүшкө кирип кетет. Бул жабдуулардын баары автоматташтырылган. Иштегенге ыңгайлаштырылган. Жумушчулардын саны кыскарганы менен аларды да жумуш менен камсыз кылдык. Бир эле адам иштей турган жерге экиден адам иштеп жатат.Экиден оператор коюлган.

Сапаттуу эң жогорку технологиялык филтр тазалагычтардан тазаланып, микс сатуратордо сууну эң майда бөлүкчөлөргө майдалап, көмүр кычкыл газ менен каныктырып аралаштырып, суу муздатуучу фриондуу чиллерде, глюкол аркылуу сууну плюс 4 градуска чейин муздатып, суу куюучу жабдууга берилет жана үйлөнүп чыккан боклашка желим бөтөлкөлөргө куюлуп чыгат.

- Гүлшайыр Бактыбаевна, сиздердин цехте бир эле минерал суудан башка дагы кандай заманбап таттуу сууларды чыгарсак деген максатыңар бар?

- Бизде таттуу суулар, минерал суулары, 1,5 литрлик “Гималай” суулары чыгарылып жатат. Биздин максатыбыз – элдин ден соолугуна зыян келтирбей турган суусундуктарды чыгаруу. №27-суусусунун өзү эле дарылык касети бар. Ширин суусундуктарыбыз деле өзүбүздүн Кыргызстанда өскөн кант кызылчасынан чыгарылган шекерден кошуп чыгарабыз. Шекерди алмаштыра турган порошок колдонбостон, табигый кант кызылчасынан алынган шекерди колдонобуз. Башка мамлекеттерден келген шекерлер көп болот да. Ал эми биз өзүбүздүн мамлекеттен чыккан кант шекерин пайдаланабыз. Биздин урпактардын ден соолугуна зыяны тийбей турган суусундуктарды чыгаруу негизги максатыбыз болуп саналат.

“Жалал-Абад-№27” суусунун дарылык касиети зор! Аталган сууну “кымбат чыгарышат” – деп айтышат экен. Бул суунун сапатына мен 100 пайыз кепилдик бере алам. Себеби, мен ушул жерде иштеп жатам. Биз бул суунун №27-булак суусунан алып келип куябыз. Заманбап, эң жогорку деңгээлдеги жабдуулар менен суу иштелип, куюлуп жатат. Биздин алып жаткан сырьелорубуз (чийки затыбыз) өзү кымбат келип жатат да. Келип жаткан капкактары, этикеттери, шекерибиз кымбат болуп жатат. Базар экономикасына ылайык, жумушчулардын айлыгын көтөрөбүз. Ошолордун баары эске алынып, суунун баасы коюлат. Ашып кеткен баа коюлбайт деп айтат элем да.

Кытайдан келген жабдууларда дюшес жана башка шириндиктер чыгараылып жатат. Алдыга койгон максаттар дагы бар. Европадан жаңы линия алып, аны коюп, суусундуктардын түрүн көбөйтүп чыгарууну көздөп жатабыз. Мисалга айтсак, өзүбүздүн улуттук чалап, таттуу суусундуктар чыгара турган линия орнотуу максатыбыз бар. Польшанын STM фирмасы аркылуу жаңы жаабдууларды орнотуп, суусундуктардын сериясын чыгарсак деп пландап жатабыз.

Кыргызстанда өскөн мөмөлөрдөн шириндик суусундуктары чыгаруу  ниеттерибиз бар. Жаңы келе турган жабдууларыбызда жаңы суусундуктарды чыгаруу алдыдагы планыбызда коюлган.

- Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Алдыга койгон максаттар ишке ашсын деген тилекти билдирип кетмекчимин.

Маектешкен: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ.

30.12.2023-жыл.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24