KELECHEK
rek

Сузакта көмүлгөн уулуу химиялык заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат

Сузакта көмүлгөн уулуу химиялык заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат

Мындан 40 жыл мурун СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган уулуу химиялык заттар Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерге көмүлгөн.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан атайын бөлүнгөн жерлерге жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна көмүлгөн. Аталган жайларды зыянсыздандыруу иш-аракеттери жүрүп жатканы боюнча Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Атабек Матисаев жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаевдин катышуусундагы Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Савирбек Томаевдин айтымында, бул иштер «Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Союз учурунда тыюу салынган жана  мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди жок кылуу маселесин “Көмүлгөн жерлер” деп аталган жерлерге көмүү жолу менен чечүүгө аракет жасалган. Бул максатта 1973-1980-жылдары аталган пестициддерди көмүүгө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнгөн.

Атабек Матисаевдин сөзүнө караганда, “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” долбоорунун биринчи этабы жүрүп, аталган аймакка жакыныраак саналган айыл жашоочуларына түшүндурүү иштери жүргүзүлдү. Маалыматтык-коммуникациялык кампания 2023-жылдын июлунан 2024-жылдын январына чейин райондордун жана айыл өкмөттөрдүн денгээлинде өткөрүлүп, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Бостон, Орто-Азия айылдарын, Сузак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Дыйкан, Садда, Мазар-Булак айылдарын, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак, Сасык-Булак, Могол-Коргон айылдарын жана Базар-Коргонду камтыды.

“Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин арасында туруктуу органикалык булгоочу заттардын жана эскирген пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири, пестициддерди колдонуудагы коркунучтар жана коопсуздук эрежелери боюнча окутуулар жүргүзүлдү. Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чечимине ылайык, долбоордун экинчи этабында коопсуздандыруу жумушу колго алынат”,-  дейт А.Матисаев.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын сөзүнө караганда, аталган участкада сунушталган көмүү реестрине ылайык, эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, тактап айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү токсин калдыктары пестициддер көмүлгөн. Анда «Айылчарбахимиясы» ЖЧКсы тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз эле көмүлүп калган. Талапка жооп берилбей көмүлүп калгандыктан, азыркы учурда да кооптуулук жаратат десе да болот.

Савирбек Томаев өз сөзүндө, уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар талапка жооп бербегендигине байланыштуу, министрлик тарабынан башка жакка көчүрүү же болбосо утилизациялоо боюнча иш алып барылып жатканын айтты.

«Уулуу химикаттар көмүлгөн жайларда 2005-2006-жылдары жергиликтүү калк өз алдынча мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзүп жиберишкен. 2010-жылы Ак-Чабыр участкасындагы көмүлгөн жай белгисиз жарандар тарабынан казылып, ал жерге топтолгон суудан мал-жандыктар суу ичкен. Ошонун кесепетинен улам, 35 баш мал-жандык ууланып, ошол койлордун этин жеген отуздан ашуун жергиликтүү жаран ооруканага түшкөн. Ал эми 2013-жылы 130 баш мал-жандык ууланган. Массалык уулануулардан кийин, 2013-жылы көмүлгөн жайдын айланасы долбоордун негизинде тосулуп,  Кара- Алма токой чарбасына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда ал жайлар толук көзөмөлдө турат», - дейт С.Томаев.

Ал эми Атабек Матисаевдин айтымында, Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери эл аралык жамааттардын шарттарына ылайык, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздө кароого активдүү катышууда. Буга мисал катары Кыргыз Республикасынын Стокгольм конвенциясына кошулушун атоого болот. Сузак-А сактагычында эскирген пестициддерди утилдештирүү боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн ГЭФ/ЮНЕПтин “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” регионалдык долбоорду ишке ашырып жатат.

- “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” ГЭФ/ЮНЕПтин долбоорунун негизги максаты – Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде ДДТ жана башка туруктуу органикалык булганычтарды (ТОБ) экологиялык жактан таза башкаруу боюнча эки өлкөнүн (Кыргызстан, Тажикстан) тең улуттук жана аймактык потенциалын камсыздоо болуп саналат. Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, эки өлкө тарабынан  улуттук жана аймактык потенциалдарын камсыздоо үчүн коркунучтуу калдыктарды экологиялык рационалдуу  башкаруу, анын ичинде ДДТ жана башка ТОБторду.

Аталган Долбоордун аякташы менен:

  • 5000 тонна ТОБ  утилдештирилет;
  • Аймактарда коркунучтуу калдыктарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү бар ишканаларды Лицензиялоо;
  • Долбоор бар  өлкөлөрдө коркунучтуу калдыктарды  улуттук стратегиялык  башкаруу  ишке ашырылат;
  • ТОБ пестициддердин адам ден соолугуна жана курчап турган айлана-чөйрөгө келтирүүчү зыяны жөнүндө калктын кабардар болушун камсыздоо үчүн улуттук жана жергиликтүү кампаниялары өткөрүлөт, - дейт А.Матисаев.

КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча” КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын № 825 пунктунда: «Айлана-чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын кыскартуу жана адамдын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жайга экологиялык жактан коопсуз утилизациялоону жүргүзүү” жөнүндө талаптар коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддердин көйгөйлөрү боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар арасында маалымат таратуу, Сузак-А пестициддер көмүлгөн жайга жакын жайгашкан калктуу конуштарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кызыктар тараптар менен өз ара аракеттенүү, потенциалын күчөтүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кампанияны өткөрүүнү пландаштырган.

Даярдаган: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

http://kogart.kg/?view=news&id_news=8323

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13