KELECHEK
rek

Орусия полициясына мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алуу укугу берилиши мүмкүн

Орусия полициясына мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алуу укугу берилиши мүмкүн

Мамлекеттик Дума полиция кызматкерлерине Орусиядан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу чечимин кабыл алууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Бүгүнкү күндө Орусияда чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сот же өлкөгө кирип жаткан учурда укук бузуу катталган маалда Чек ара кызматы гана кабыл ала алат.

Мыйзам долбоорунда депортациялоо чечими кабыл алынган же Орусияда жүрүүгө берилген уруксаты жокко чыгарылып, бирок өлкө аймагында жүргөн чет элдиктер үчүн өлкөдөн чыгаруу режимин киргизүү сунушталган. Аларга өлкөдөн чыгарылганга чейин Орусияда кыймылсыз мүлк жана транспорт каражатын сатып алууга, ошондой эле автоунаа айдоого, насыя алууга, Орусиянын аймагында эркин жүрүүгө, үй-бүлө курууга, банктарда жаңы эсептерди ачууга жана айына 30 миң рублдан ашык каражат коротууга тыюу салынат.

Мындай мигранттарга карата өзгөчө көзөмөл болуп, алар атайын реестрге киргизилип, полиция кызматкерлерине кайда жүргөнү жөнүндө дайыма маалымат берип, картадан геолокацияны белгилеп, сүрөт жөнөтүп турууга милдеттүү болушат.

Документке тиркелген түшүндүрмө-маалымкатта долбоор чет өлкөлүк жарандарды депортациялоонун жана административдик чечим менен өлкөдөн чыгаруунун механизмдерин унификациялоого багытталганы, бул соттордун убактысы менен чыгымдарын азайта турганы жазылган.

"Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка шектүү катары тажик жарандары кармалгандан кийин орус бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга карата көзөмөлдү күчөткөн. Тиешелүү документтери жок чет өлкөлүктөр жапырт Орусиядан депортацияланса, жаңы келген мигранттардын көбү аэропорттордо жана чек араларда өлкөгө киргизилген эмес. Өлкөнүн ондогон аймагынын бийликтери мигранттардын жүргүнчү ташуу сыяктуу бир катар тармактарда иштөөсүнө тыюу салган. Расмий версияга ылайык, мындай чаралар "жергиликтүү жашоочулардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугу үчүн кабыл алынганы" кабарланган.

Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий органдары өз жарандарына зарыл болбосо Орусияга барбай турууну сунушташкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53