KELECHEK
rek

Алматыда полициянын эки капитаны 14 жаштагы кызды зордуктоо шеги менен кармалды

Алматыда полициянын эки капитаны 14 жаштагы кызды зордуктоо шеги менен кармалды

Алматыда эки полиция капитаны 14 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалды. Маалыматты 11-декабрда Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов тастыктады.

"Тилекке каршы, ушунай окуя болду. Полициячылар ушундай кылмыш жасашкан. Дароо тартип комиссиясы түзүлүп, бул адамдар жумуштан бошотулду. Кылмыш ишинин алкагында алар камалды", – деди Ержан Саденов.

Министрдин айтымында, полициячылар "бул кылмышты кызмат учурунда жасашкан".

Буга чейин NEMolchi.kz фондунун жетекчиси Дина Тансари эки полиция кызматкери 14 жаштагы кызды зордуктаганын айтып, министрликтен маалымат сураган. Окуя Конаев шаарында болгон. Тансаринин айтымында, шектүүлөрдүн бири – жашы жете электердин иши боюнча инспектор, экинчиси – полициянын имараттарды күзөтүү боюнча кызматкери.

Ноябрь айында Талдыкорган шаарынын полиция башчысы Марат Куштыбаев 27 жаштагы аялды зордуктоого шектелип, эки айга камакка алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...