Ташкентте секелек кызды өпкөн киши соттолду
Ташкент соту көчөдө 8 жаштагы кызды өөп, ага карата адепсиз жоруктарды жасаган 63 жаштагы жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл август айында зордук-зомбулук менен күрөшүүгө багытталган Nemolchi.uz долбоору көчөдө эркек киши бейтааныш кыздын чачынан жана мойнунан сылай баштаганы тартылган видео жарыялаган. Жолдон адамдар өтүп баратканда, ал өз кылыгын токтотуп, бирок анысын кайра бир нече жолу кайталаган. Аягында кыздын каршылыгына карабай эрининен зордоп өпкөн.
Окуяны күбөлөр видеого тартып алып, Nemolchi.uz долбоорунун редакциясына жөнөтүшкөнү маалымдалган.
Сот отуруму жабык өттү. Шектүү “16 жашка чыга элек адамга карата зомбулук же коркутуу менен адепсиз жоруктарды жасоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 5 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Буга чейин бул берене 2 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштары же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны камтыган. 2023-жылдын апрелинде сексуалдык эркиндикке жана балдардын кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жаза катаалдаштырылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53