Казакстанда жоголгон баланын сөөгү септиктен табылды
Иллюстрациялык сүрөт
Казакстандын Түркстан облусунда жоголгон төрт жаштагы Айбар Бахттын сөөгү коңшу үйдүн септигинен табылды. Полициянын маалыматына караганда, ымыркайды үч күн бою издешкен.
"Баланын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү, зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок", — деп айтылат Казакстан ИИМинин маалыматында.
Наристенин жоголгону тууралуу полицияга 1-декабрда жергиликтүү тургун кайрылган. Ал төрт жашар баласы ойногону короого чыгып, үйүнө кайтып келбегенин билдирген.
Дайынсыз жоголгон баланы издөөгө ИИМдин кызматкерлери, куткаруучулар, ыктыярчылар жана аскер кызматкерлери тартылган. Наристенин жеке маалыматы ЖМКларга жана социалдык тармактарга жарыяланган.
Жакынкы аймактарда тинтүү иштери жүргүзүлүп, кароосуз калган үйлөр, арыктар жана башка бала барышы мүмкүн болгон жерлер текшерилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05