KELECHEK
rek

HRW Берлинди "Борбор Азия - Германия" саммитинде адам укуктары маселесине көңүл бурууга чакырды

HRW Берлинди

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда адам укуктары маселесин көтөрүшү керек деп эсептейт.

Уюмдун 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө Берлиндеги жолугушуунун негизги темасы Орусия Украинага кол салгандан кийинки Борбор Азиядагы абал жөнүндө болушу мүмкүн экени жазылган.

"Германия Борбор Азия лидерлерин Москванын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам бербөөгө чакырат деп күтүлүүдө", – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. Анын айтымында, Германия бийлиги аймактагы адам укуктарынын оор абалына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасоо мүмкүндүгүн колдон чыгарбашы керек.

"Берлин саммиттин жүрүшүндө Европа менен узак убакыт кызматташуу үчүн аймактагы өлкөлөр адам укуктарынын жана мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышын камсыз кылышы керектигин эскертиши зарыл. Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандарды саясий негиздер менен куугунтуктаган, сөз эркиндигин чектеген жана кыйноо үчүн жазаланбаган көптөгөн учурлар бар", – деди Уильямсон.

Ал 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандагы нааразылык акцияларды, Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышын жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктардын күч менен басылышын мисал келтирген.

"Европа Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактагы адам укуктарынын жана жарандардын эркиндигинин сакталышын эске алуу менен кызматташтыкты кеңейтиши керек", – деп кошумчалады Уильямсон.

29-сентябрда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери Германиянын федералдык президенти менен бирге "5+1" форматындагы саммитке катышат. Жолугушуу Берлиндеги "Бельвью" сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53