Шаардык сот алты жылга эркинен ажыратылган активист Бекиевдин өкүмүн күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту алты жылга кесилген активист Эмил Бекиевдин апелляциялык арызын 7-сентябрда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу сот чечимдери жарыяланган act.sot.kg сайтындагы документте айтылат.
Ушул жылдын 2-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2022-жылы Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон.
Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.
Актыда жазылгандай, соттук отурумда Бекиев өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган эмес. Ал интернетке жарыялаган видеолорунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан.
Активист Эмил Бекиев былтыр 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.
2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53