KELECHEK
rek

Кыргыз-тажик президенттери Нью-Йоркто жолугушту

Кыргыз-тажик президенттери Нью-Йоркто жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-сессиясынын алкагында жолугушту.

Бул тууралуу "Азаттык" кыргыз президентинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен маалымдады.

Өлкө башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулады.

“Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча пикир алмашты”, - деп айтылат билдирүүдө.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын" айткан жана "Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун" билдирген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачылар болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12