Жалал-Абад шаарында аялдардын эл аралык майрамы белгиленди (ФОТО)
Бүгүн, 7-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-март-Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айымдар жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу орду чоң экендиги баса белгиледи.
Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак грамота жана белектерди тапшырды.
Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмнектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 аялга 500 сомдон акчалай белек берди.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13