KELECHEK
rek

Казакстандын элдик партиясы кезексиз президенттик шайлоодо Токаевди колдоп, талапкер көрсөтпөйт

Казакстандын элдик партиясы кезексиз президенттик шайлоодо Токаевди колдоп, талапкер көрсөтпөйт

Казакстандын элдик партиясы (2020-жылы партия аталышындагы "коммунисттик" деген сөздү алып салган) күзүндө өтө турган кезексиз президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөй турганын билдирди.

"Буга чейин билдиргенибиздей эле кезексиз президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин колдойбуз. Ошондой эле президенттин 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда айтылган өзгөрүүлөрдү да толук колдоого алабыз", – деп жазылган партиянын бейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө.

Мындан тышкары анда Казакстандын элдик партиясы 2023-жылга белгиленип жаткан парламенттик шайлоого катышууга даяр экени белгиленген.

Күн мурун парламентте сүйлөгөн Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Мындан тышкары ал кийинки жылдын биринчи жарымында мажилиске жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоо өткөрүү ниетин айткан.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, кезексиз президенттик шайлоо мамлекет башчынын чечими менен дайындалып, добуш берүү эки айдын ичинде өтөт.

Токаевдин ыйгарым укуктары 2024-жылы аяктайт. Ал президенттик кызматка 2019-жылы мартта Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин келип, ошол эле жылы июнда өткөн шайлоодо жеңүүчү болгон. Расмий маалыматтар боюнча Токаев шайлоочулардын 70% добушун алган. Шайлоо өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялар менен коштолуп, көп киши кармалган. Оппозиция өкүлдөрү менен көз карандысыз байкоочулар шайлоо таза өтпөгөнүн, бюллетендерди топ-тобу менен таштоо жана добуш уурдоо учурлары болгонун айтып чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24