KELECHEK
rek

Президент ЖК регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды

Президент ЖК регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды. Бул тууралуу парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалады. Мындан улам тармактык комитет мыйзам долбоорун чукул арада карашы керектигин айтты.

"Президенттин каршы пикиринде бир топ сын-пикир бар экен. Анда айрым бир жоболорго байланыштуу "Жогорку Кеңештин укугу жок, Жогорку Кеңештин эч кандай укугу жок" деп жазылыптыр.Муну абдан кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек. Мен муну Жогорку Кеңешти төмөндөтүү кадамы катары эсептеп жатам. Ошондуктан мен баарыңарды каршы пикирди окуп чыккыла деп суранат элем. Ал жерде биздин өкмөттөн отчет алуу укугубуз жок, маалымат гана угат экенбиз. Маалыматты болсо каалагандай бериши мүмкүн. Ортодон тил таап, бир пикирге келишибиз керек, же үчтөн эки добуш менен кабыл алышыбыз керек",-деди Масалиев.

Буга байланыштуу президенттин администрациясы азырынча комментарий бере элек.

Парламент "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзам долбоорун жайкы тыныгууга кетер алдында чукул карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12