Жалал-Абад облусу боюнча жарым жылда аткарылган иштердин жыйынытыгын караган коллегия болуп өттү
Бүгүн, 26-июль күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2016-жылдын январь-июнь айлар ичинде, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп, анын ишине өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы куратору Атай Алманбетов, укук коргоо органдарынын жетекчилери, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жарым жылдыкты чыгарган коллегияда өкүлчүлүктүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Дженалиев баяндама жасады. Анын айтымына караганда, 2016-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен салыштырма баада, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -100,1 пайыз, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси -107,7 пайыз, негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 97 пайыз, автотранспорт менен жүк ташуу -108,7 пайыз, жүргүнчүлөрдү ташуу -106,5 пайыз, кызмат көрсөтүү -104,9 пайыз, чекене товар жүгүртүү -104 пайыз аткарылды.
- Тармактар боюнча алып караганда, өнөр жай тармагында 2016-жылдын январь-июнь айларында, Жалал-Абад облусу боюнча 8781,4 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 100,1 пайыз, ал эми экономикалык божомолго салыштырмалуу 967,7 млн. сомго көп аткарылган. Жалпы Республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү 11,1 пайызды түздү, - деди Н.Дженалиев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38