Украинада жоголгон 100дөн ашык орус аскеринин жакындары Путинге кайрылышты
Украинадагы согушта дайынсыз жоголгон жүздөн ашык орусиялык аскердин жакындары аларды таап берүү талабы менен президент Владимир Путинге кайрылышты.
Алар Орусиянын тиешелүү мекемелери согушка кеткен жакындары тууралуу карама-каршы маалыматтарды берип жатышканын белгилешти: бири жакындары түрүү экенин айтса, башкалары алар дайынсыз жоголгонун же каза болуп калышканын билдиришкен.
"Аскерлердин жакындарына фактыларды өз алдынча издеп, уулу же күйөөсү туткунда (өлгөн) экенин далилдөөгө туура келүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында абал ушундай. Ыйгарым укуктуу органдар өз ишин начар аткарып жатышат, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринен эч кандай жардам болгон жок", – деп жазылган кайрылууда.
Аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү президенттин администрациясына тапшырган кайрылууга 106 киши кол койгон. Алар өз жакындарын табууну гана эмес, Орусиянын ар бир аймагында Украинада жоголгон жоокерлерди издөөгө жардам бере турган атайын пункттарды ачууну да талап кылууда.
Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн жоготуулары тууралуу эки гана жолу маалымат берген. Расмий маалыматтарга ылайык, марттын аягына карата Украинада 1 351 орус аскери өлгөн.
"Би-Би-Синин" жана "Медиазонанын" журналисттери ачык булактарга таянып, 2022-жылдын 22-июлуна чейин 4 940 орус аскери каза болгонун ырастаган. Украин тарап согуш башталгандан бери 40 миңден ашык орус аскери өлгөнүн билдирүүдө. АКШ чалгынын маалыматына караганда, Украинада 15 миң орус жоокери каза болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52