ЖАМУНУН РЕКТОРУ АЗИЯ ЧЕМПИОНУН КАБЫЛ АЛДЫ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон Акыл Сулаймановду кабыл алды.
Ректор К.Усенов спортчуну жеңиши менен куттуктап, бул жеңиш жалпы кыргыз элинин жана окуу жайдын сыймыгы экенин белгиледи.
- Азия Чемпиондугунда өз чеберчилигиңди, мыктылыгыңды көргөзүп, күмүш байгени багындыруу менен жалпы кыргыз элине кубаныч тартууладың. Бул жетишкен ийгилигиңер спортчуларга чоң ишенич жана үлгү боло алды. Мындан ары да таштабай спортту өнүктүрүп, дүйнөлүк мелдештерде алтын байгелерди багындырышыңа тилектешбиз!, – деди Кенешбек Усенов.
Ошондой эле, ректор А.Сулаймановго жана машыктыруучусу Алтын Салаевге колдоо катары өзүнүн атынан баалуу белектерин тапшырып, университеттин атынан акчалай сыйлык ыйгарды.
Окуу жайдын жетекчисинин кабыл алып, спортко көңүл буруп, колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин желегин желбиретүүгө күчүмдү аябайм деген оюн билдирди А. Сулайманов.
Эске салсак, Бахрейн өлкөсүнүн Манама шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпиондугунда ЖАМУнун дене тарбия адистигинин студенти Акыл Сулайманов күмүш байгенин ээси болгон. Машыктыруучусу ЖАМУнун окутуучусу Алтын Салаев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30