Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө
«Электр станциялар» ишканасынын маалыматы боюнча 18- июлда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. 699 млн. куб метрге жетти. Бул былтыркы ушул маалга караганда 1 млрд. 175 млн. куб метрге көп.
Июлда тоо баштарынан түшкөн суунун орточо агымы секундасына 794 куб метрге жетип жатат.
Мамлекеттик ишкана азыр Кыргызстан кышында Казакстан менен Өзбекстандан алган электр кубатын кайра кайтарып жатканын билдирди.
«Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок. Өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 501,4 млн. кВт. саат электр кубатын, ал эми Казакстан 440 млн. кВт. саат электр берген. Бул кыштан өтүүгө оң таасирин берген», - деп айтылат маалыматта.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин 14-июлда өкмөт жыйынында берген маалыматы боюнча, азыркы тапта "энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом, жалпы чыгаша 40 миллиард сомдон ашык. Быйыл энергетиктер 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултууну пландап жатат. Ортодогу айырма 15 млрд сом. Эң көп тартыштык "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна таандык.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38