KELECHEK
rek

Шри-Ланканын президенти Сингапурда кызматтан кетүү арызын жазды

Шри-Ланканын президенти Сингапурда кызматтан кетүү арызын жазды

Готабая Раджапакса

Сингапурга барып конгон Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса отставкага кеткенин жарыялады.

Жергиликтүү NDTV телеканалынын маалыматына караганда, Раджапакса кызматтан кетүү тууралуу арызын парламент спикеринин электрондук почтасына жөнөттү.

Сингапурдун өкмөтү Шри-Ланканын экс-президенти жеке визит менен келгенин жана башпаанек сурап кайрылбаганын маалымдады.

9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен.

Бул тушта премьер-министр Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдаган. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылып, зарыл болсо Коломбодогу өкмөт үйүн басып аларын жарыялашкан.

14-июлда парламенттин спикери Махинда Япа Абейварден менен узак сүйлөшүүдөн кийин нааразылыкка чыккандар басып алган өкмөттүк имараттарды бошотушкан.

Готабая Ражапакса алгач Куралдуу күчтөрдүн учагы менен Мальдив аралдарына конуп, андан кийин гана Сингапурга барган. Ал камакка алынуудан чочулап, президенттик кызматты өлкөдөн чыгып кеткенге чейинки кол тийбестик инструменти катары колдонгон.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.

Шри-Ланка - Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52