Өзбекстанда майып киши атайын кызмат имаратынын жанында өзүн өрттөп жиберди
Күн мурун Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратынын жанында өзүн өрттөп жиберген Сурхандарыя облусунун Шерабад районунун 42 жаштагы тургунунун абалы оор бойдон калууда. Тартип сакчылары кабарлагандай, жаран психикалык оорусуна байланыштуу ушундай кадамга барган.
Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун денесинин 65 пайызы күйүкө чалдыккан. Бул факты боюнча “Өзүн өзү өлүмгө түртүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Шербой Райимовдун туугандары маалымдагандай, өткөн жума күнү ал иниси менен чогуу үйүнө келе жатып, Шерабад көпүрөсүндө түшүп калган. Жолдо ал бир литр бензин сатып алып, коопсуздук кызматынын райондук бөлүмүнө келип, өзүн өрттөп жиберген. Май айынан бери ал дүрбөлөнгө түшүп, өзүн начар сезип жүргөн.
– Ал бала чагынан бери экинчи топтун майыбы. Начар көрчү. Үч баласын майыптыгы үчүн алган жөлөк пулдун эсебинен бакчу. Аялы семичке сатчу. Шербой май айынан бери сыртка чыккандан коркуп, делөөрүп жүргөн. Ал дайыма УКК кызматкерлери аңдып, жайына коюшпай жүргөнүн, соодасын тартып алууга аракеттенип жатышканын айта берчү. Бирок эч качан ким жана кандай ыкма менен анын изине түшкөнүн билдирген эмес, – деди Шербойдун тууганы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05