
Washington Post: Орусия 400дөн ашуун авиалайнерди кайтарып берүүдөн баш тартууда

Орусиялык компаниялар чет өлкөлүк компаниялардан лизингге алган 400дөн ашык жүргүнчү ташуучу учакты мыйзамдуу ээлерине кайтарып бербей жатат. Бул тууралуу Washington Post гезити жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, Орусияга каршы санкция жарыяланган маалда лизингде турган 515 учактын 80ин гана кайтарып алууга мүмкүн болгон. Лайнерлердин ээлери Орусиядагы учактардын көбүн кайтарып алууга көздөрү жетпейт. Камсыздандыруу компанияларына жазылган доо арыздын суммасы 10 миллиард долларга жетти. Учактарды эле эмес, ижарага берилген авиациялык кыймылдаткычтарды кайтарып алууда да көйгөйлөр жаралууда.
Гезит ирландиялык AerCap лизинг компаниясынын талабы менен Шри-Ланкада кармалган Аэрофолоттун учагын мисал келтирген. Москва бул өлкө бийлигин мунай жеткирүүнү токтотуу менен коркуткандан кийин лайнерди кайра Орусияга кайтарып берүүгө аргасыз болгон. Бир нече күн Коломбо аэрпортунда кармалган Airbus 330-300 учагы учурда Москвада учууга уруксат алган жана Кыргызстанга каттап жатат.
Орусиянын авиациялык секторуна каршы киргизилген санкция болуп көрбөгөндөй масштабга ээ. Ага Европа, Түндүк Америка жана Азиянын 37 өлкөсү кошулган.
Орусиялык компанияларга учактарды сатуу жана лизингге берүүгө тыюу салынгандан тышкары, тетиктерди, программалык камсыздандырууларды экспорттоого жана учактарга техникалык кызмат көрсөтүүгө бөгөт коюлган.
Мартта Орусиянын президенти Владимир Путин лизингге алынган учактарды ички каттамдар үчүн пайдаланууга уруксат берген жарлыкка кол койгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04