KELECHEK
rek

Казакстанда марттан бери алгачкы жолу бир суткада 100дөн ашык кишиден COVID-19 аныкталды

Казакстанда марттан бери алгачкы жолу бир суткада 100дөн ашык кишиден COVID-19 аныкталды

Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда 110 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул 28-июндагы көрсөткүчкө (ал күнү 61 жаңы учур катталган) салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Жаңы катталган 110 учурдун 56сы Алматы, 29у Нур-Султан, жетөө Чымкент шаарларына туура келет. Калган учурлар өлкөнүн башка аймактарында аныкталган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, Казакстанда акыркы жолу бир суткада 100дөн ашык адам коронавирус жуктурганы аныкталган акыркы учур быйыл март айында катталган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин расмий өкүлү Ержан Байтанаевдин айтымында, өлкөнүн кайсыл бир аймагында бир сутканын ичинде 100дөн ашык жаңы учур катталса, ал аймак "кызыл" аймакка киргизилип, олуттуу ковиддик чектөөлөр болот.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 1 306 471 кишиге жетти. 29-июнда жарыяланган маалыматка караганда, учурда коронавирус жуктурган 528 киши дарыланып жатат. Алардын 93ү стационарларда, 435 бейтап амбулатордук деңгээлде дарыланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38