Элет жериндеги жаштар глобалдуу экологилялык көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымдарын кошушту
“Стокгольм+50” конференциясында Кыргызстан жаштарынын да сунуштары эске алынып, өлкөнүн элет жериндеги жаштар глобалдуу экологилялык көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымдарын кошушту.
Үстүбүздөгү жылдын 2-3 июнунда Швециянын Стокгольм шаарында болуп өткөн эл аралык жолугушуусу “Стокгольм+50 - өлкөнүн гүлдөп өсүшү үчүн дени сак планета – биздин жоопкерчилигибиз, биздин мүмкүнчүлүктөр” көп тараптуулукту кайра жаратуу жана глобалдык тилектештикти чыңдоо жолундагы маанилүү этап болуп калды. Ал жолугушууга Кыргызстан да катышып, Бириккен Улууттар уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен «Новый Ритм” Коомдук бирикмеси улуттук консультацияларынын алкагында Кыргызстандын 7 облусунун 16 шаар-айылдарында “Жаштар Кербени” аркылуу жаштар арасында негизги темалар боюнча талкуулоолор жүргүзүлдү. Консультациялардын жыйынтыктары жана улуттук баяндамалар «Стокгольм+50» эл аралык жолугушуусу үчүн глобалдык жыйында баяндама түрүндө колдонулду.
Ал эми “Стокгольм+50” конференциясына токтоло турган болсок, айлана-чөйрө боюнча БУУнун Конференциясынын Декларациясы 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында кабыл алынган жана эл аралык экологиялык укукту өнүктүрүүгө, адамдар үчүн дени сак айлана-чөйрөнүн маанилүүлүгүн таанып, жайылтууга жана БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасын түзүүгө биринчи кадам болуп калган. Ошол себептен, 1972-жылдагы Стокгольм конференциясынан беш он жылдыгы өткөндөн кийин, Швеция Өкмөтү Кения Өкмөтүнүн колдоосу менен Стокгольмдо 2022-жылдын 2-3-июнунда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн жумалыгында «Стокгольм+50: Дени сак планета баарыбыздын биргеликте өсүп-өнүгүүбүз- биздин жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк» аттуу эл аралык конференциясын өткөрдү.
«Жаштар Кербени” – бул Кыргызстандын жаштарын ар кандай социалдык топтордон жана географиялык жайгашуудан, өлкөнүн борборунан эң алыскы чекиттерине чейин, өз билимдерин, ресурстарын бириктирүүгө жана мобилизациялоого, адамдар менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жана ынтымакка жетишүү боюнча туруктуу жаңы идеяларды жаратууга мүмкүндүк берген уникалдуу чөйрө. Биз глобалдык жылуулук маселеси тез жана прогрессивдүү чечимдерди талап кыларын билебиз жана жаштардын билимге ачыктыгы, жаңы жашыл технологияларды сынап көрүүгө даярдыгы жана достук мамилеси аркасында бул өзгөрүүлөрдүн катализатору экенине ишенебиз», – деди Мадина Салайдинова, «Новый Ритм» Коомдук Бирикмесинин төрайымы.
Токмок шаарындагы 15 жаштагы эко-активист жана «Жаш Тайм» жаштар демилгесинин мүчөсү Тимур Мамиров:
«Эгер биз мектепке экологиялык билим бербесек, ишембилик сыяктуу иш-чаралар пайдасыз болушу мүмкүн. Биз активдүү жаштар катары теңтуштарыбыз арасында Кыргызстан биздин өлкө жана аны бузбоо жана кийинки муун үчүн сактап калуу үчүн ар бирибиз ар кандай багыттагы иштерди жасашыбыз керек».
Жаш достор экологиялык тарбиялоо боюнча программаларды өлкөнүн окуу жайларына киргизүүнүн, таштандыларды кайра иштетүү системасынын эл аралык стандарттарынын, ошондой эле Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн, мөңгүлөрүн жана өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдү сактоо үчүн жеке жана мамлекеттик ишканалардын экологиялык жоопкерчилиги боюнча атайын жоболорду кабыл алуунун маанилүүлүгүн түшүнө алышты.
Майрамбек Таалайбек уулу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13