KELECHEK
rek

Бишкекте “Улуттук нарк жөнүндө” Президенттин Жарлыгын ишке ашырууну талкуулашты

Бишкекте “Улуттук нарк жөнүндө” Президенттин Жарлыгын ишке ашырууну талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 27-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча конференцияга катышты.

2022-жылдын 21-майында кол коюлган “Улуттук нарк жөнундө” Жарлыкта -  “Азыркы мезгилде элибизге жаӊы көз караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жүргүзө берүү эмес мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып жаткандыгын белгилейбиз”,- деп айтылат.

Жарлыкты ишке ашыруу жана максаттарына жетүү максатында КР Мамлекеттик катчысына коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыктар тараптарды тартуу менен 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу жана сунуштоо тапшырылган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы кыргыз элинин көчмөн каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары элдин аң-сезиминде эзелтеден орун алып, муундан-муунга өтүп келе жатканын белгиледи.

 “Элибиздин каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары ар дайым биз менен болуп, бизге таяныч болуп келген. Салт – биздин мурасыбыз, өзгөчөлүгүбүз. Аларды эстен чыгарбай, ар тараптан өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүп берүү бүгүнкү биздин милдет. Биз дайыма салтты карманып келгенбиз. Алар биздин үйдө туугандар менен болгон күнүмдүк мамилебизде, көчөдө кошуналар менен болгон мамилебизде жана башкаларда даана көрүнүп турат”, - деп белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты - маалымат чогултуу жана белгилүү эксперттердин пикирин угуу. «Иш-чаранын жыйынтыгында бардык баяндамалар, айтылган пикирлер, каалоолор, жада калса сындар да эске алынат. Учурда президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча программа түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде чогултулган бардык материалдар изилденип, андан ары программада чагылдырылат. Мындан тышкары, аймактарда дагы ушундай иш-чаралар өткөрүлөт», - деп жыйынтыктады ал.

Азыркы учурдагы кыргыз элинин каада-салты, жашоо-турмушу деген темадагы талкууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, педагогдор, аймактардан келген аксакалдар, ошондой эле ар кыл коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13