“Беш-Арал” жаратылыш коругу Орто Азиядагы экосистеманын өзөгүн түзөт
Чаткал өрөөнʏ төрт тарабы келишкен, кооз, жаратылыш байлыгы мол, экологиялык жактан таза жана өтө кенен жер. Ушул жагынан алганда Чаткалды жер соорусу десе ашыктык кылбайт.
“Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Аманкулов Райкан Мамыровичтин берген маалыматына караганда, бир убакта ушул чексиз байлык көзгө илинбей коӊшу республикалардын кызыкчылыгы үчүн суу астында калып кете жаздаган.
- Коруктун түзүлүшүнө Боромбаев Асан Боромбаевичтин эмгеги өтө зор экендигин баса белгилеп кетүү керек. Ал 1978-жылы Чаткал өрөөнʏн азыркы корук болуп турган чөлкөмдү узунунан- туурасынан өлчөп бүткүл жаратылышын, жан-жаныбарларын бир ай тынбай жүрүп изилдеп маалыматтарды топтогон. Боромбаев Чаткалдын флорасына жана фаунасына өзгөчө көӊүл буруп даярдаган документтеринде суурдун өзгөчө бир түрү бар экендигин (Мензбир сууру) жана бул түр дүйнөлүк Кызыл Китепке киргендиги, өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрү, тоо суусундагы балыктын өзгөчө түрлөрүнө басым жасаган. Ушул маалыматтардын негизинде Ош областтык аткаруу комитетинин Беш-Арал мамлекеттик коругун тʏзʏʏ жөнʏндө токтому чыгарылып, Кыргыз ССР Министрлер Советине жөнөтʏлгөн, - дейт директор Р.Аманкулов.
Чаткал өрөөнүнүн уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калуу максатында Кыргыз ССР Министрлер Кеӊешинин 1979-жылынын 21-мартындагы №140 токтомуна ылайык «Беш-Арал мамлекеттик коругу» 116,7 миӊ га аянты менен уюштурулган. Анын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын, мурдагы СССРдин жана ТКЭСнун Кызыл Китебине кирген эндемик жаныбар Мензбир суурунун (Marmota Menzbieri) жашоо чөйрөсүн жана алардын санын калыбына келтирүү, ошондой эле Кауфман (Tulipa kaufmanniana) жана Грейг (Tulipa greigii) мандалактарын сактап калуу, таралуу ареалдарын изилдеп коргоо болуп эсептелет.
Ал эми 1994-жылы өрөөндө Чаткал токой чарбасы уюштурулгандыгына байланыштуу Беш-Арал мамлекеттик коругу Чаткал өрөөнүнүн батыш жагына 63 200 га жер аянты менен кайрадан түзүлгөн. Ал эми 2002-жылдагы токойду жайгаштыруу жана аӊчылык башкармалыгынын жүргүзгөн иштерине таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 499-токтомунун негизинде Мензбир суурунун таралуу ареалы болгон Кырчынды өрөөнү 18400 га жер аянты, мындан тышкары Чаткал токой чарбасынын 49, 51 – кварталдары 486 га жер аянты менен корукка өткөрүлүп берилип, натыйжада коруктун аянты 86748 га болуп өзгөртүлгөн.
2006-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 291-токтомунун негизинде Беш-Арал мамлекеттик коругуна “Сандалаш” участкасы 25270 га жер аянты менен өткөрүлүп берилип коруктун аянты 112018 га ны түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 130-токтому менен Сандалаш корук бөлүмү боюнча токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, кайрадан жаны 25715,3 га аянтта түзүлгөн. Учурда коруктун жалпы аянты 112463,3 га ны түзөт.
КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу Жалал-Абад областынын Чаткал районунда жайгашкан. Коруктун административдик борбору райондун борборунан 25 км аралыкта Жаны-Базар айылында жайгашып, областтын борборунан 340 км, ал эми республиканын борборунан 940 км алыстыкта турат. Тʏндʏк жагынан Пскем кырка тоосунун кырлары аркылуу өтүп, чыгышынан Ак-Таш тоосунан (3461 м.) баштап Казан-Булак (3366 м.), Алям (1995 м.), Комарова (2410 м.), Чок-Камыш (2680 м.), 1-май (2330 м.) ашуулары аркылуу Казанек-Сайдын түндүк-чыгышындагы тоонун кыры менен Чаткал дарыясына түшөт. Батыш тарабынан Чаткал дарыясы менен Өзбек Республикасынын Ак - Булак дарыясынын кошулган жери менен чектешет. Дал ушул жер Ыманкан деп аталып, ал жерде Беш - Арал мамлекеттик коругунун кордону бар. Түштүк жагынан Чаткал кырка тоосунун кыры менен Ак-Таш, Кызыл -Таш тоолору аркылуу Муз-Төр ашуусуна жетет. Түштүк-батышынан Кара-Сай, Теке-Таш, Злай, Шабрез ашуулары аркылуу Иманкан кордонуна түшөт. Чыгышынан Чаткал району менен чектешет.
Коруктун ээлеген аймагы түндүктөн түштүктү карай орточо - 48 км, чыгыштан батышты карай – 75 км ге созулуп жатат. Эӊ бийик чекити деӊиз деӊгээлинен 3760 м., эӊ жапыз жери 940 м. ди түзөт.
Корук 112463,3 га жер аянтын ээлеп, Кеӊ-Булуӊ (34447 га), Баркырак (30661,7 га), Араб (21639,3 га), Сандалаш (25715,3 га) деген төрт корук бөлүмдөрүнөн турат.
“Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Р.Аманкуловдун берген маалыматына караганда, Өзбек Республикасынын Чаткал коругу менен чектеш болуусу бул региондогу экологиялык абалын оӊдоо жана корук ишин алып барууда тыгыз ишмердикти түзүүгө өбөлгө болот. Корук Батыш Тянь-Шандын баалуу компоненти болуу менен Орто Азиядагы экосистеманын өзөгүн түзөт. Бул биотүрдүүлуктүн бийик тоолуу альптык, субальптык жана орто тоолуу топторунан турат. Корукта Тянь-Шань экосистемасынын 12 классынан турган, башка жерлерде жок болуп бара жаткан жана сейрек кездешүүчү түрлөрү бар 1000 метрден 4000 метр бийиктикте тоолуу адырлар, шалбаалар жана арча, жаӊгак-мөмөлүү токойлор жайгашкан.
“Беш-Арал” коругунда биотүрдүүлүк салыштырмалуу жогорку даражага ээ. Корукта 1500 жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр, 46 сүт эмүүчүлөр, 150 канаттуулар кездешет. Анын ичинен Кауфман жана Грейг мандалагы, Корольков шалфейи, Недзвецкий алмасы, Орто Азия, Коржинский алмуруту, Петтуников бадамы өсөт. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардан Батыш Тянь-Шандын эндемиги Мензбир сууру, кидик така тумшуктуу жарганат, ак тырмактуу күрөн аюу, суусар, чаар күсөн, кундуз, илбирс, аркар, элик, жейре чүткөр, тʏркстан сүлөөсүнү, бүркүт, жылаанчы, бейиш чымчыгы, ителги ж.о.э. бөлөк жаныбарлар бар.
- Коруктун жаныбарлар дүйнөсү эндемик болуп саналган Мензбир суурунун бар экендиги менен башка коруктардын жаныбарлар дүйнөсүнөн айырмаланып турат. (Коруктун уюштурулушунун бирден бир себеби дал ушул Мензбир сууруна байланыштуу). Мензбир сууру - Эл аралык Жаратылышты коргоо Союзунун (МСОП), мурдагы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине катталган. Жер шаарында өтө сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучунда турган, Батыш Тянь-Шань үчүн эндемик болгон оригиналдуу жаныбар.
Ошондой эле, коруктун ичинде беде чөбүнүн мекени жана ошондой эле көп өсүмдүктөрдүн түпкү аталары өсөт. Алардын 17 түрү Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген. 20 пайызы өсүмдүктөр Батыш Тянь-Шандын, 80 пайызы Орто Азиянын эндемиги болуп эсептелет. 160 омурткалуулардын 20 пайызы Борбордук Азиянын эндемиги, 2 түрү байыркы замандан келе жаткан (реликт), 3 түрү Эл аралык жаратылышты коргоо уюмунун Кызыл китебине киргизилген. Батыш Тянь-Шандагы биотүрдүүлүктү коргоп, сактоодо коруктун ролу чон экенин белгилөө менен, Орто Азия регионунда да зор мааниге ээ. Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча атайын бирикмеси катарында таанымал болгон ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кыргыз жеринин жаратылыш объекттери биринчи жолу киргизилди. 2016-жылдын 17-июлуна чейин Тʏркиянын Стамбул шаарында Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 40-сессиясы өтүп, Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди”, - дейт Р.Амнкулов.
“Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругунун рельефи:
Коруктун жеринин бетинин түзүлүшү негизинен тектоникалык кыймылдын таасиринен кийин мөңгү менен дарыялардын аракетинин натыйжасында азыркы учурдагы формага ээ.
Коруктун ири орографиялык элементи:
Чаткал кырка тоолору, орточо деңиз деңгээлинен бийиктиги 3888метр, бийик тоолоруна Боз-Бугу 3890,2 метр, Ала-Жыгач 3756,2 метр, Найза 3747,8 метр, Ак-Таш 3451,4 метр.
Климаты:
Континенттик, кышкы мезгил суук болуп жайы мелүүн келет. Абанын температурасы июль айында орточо +22, +25 ал эми январь айында -32, -37 градуска жетет. Кардын туруктуу орточо катмары 1,5 м, 1,7 метр болот. Шамалдын орточо ылдамдыгы 3-5 метр секунд.
Гидрологиялык суу түйүндөрү:
Чаткал кырка тоосунда түндүк капталы ак мөңгүлүү, жаан-чачындуу келип, жамгыр, кар, мөңгү жана жер алдындагы суулар өтүүчү жол катары кызмат кылат. Чаткал дарыясы тарам-тарамга бөлүнүп агып кум шагылдуу аралдарды пайда кылат. Мына ушундан улам, Беш-Арал аты пайда болгон. Чаткал дарыясы коруктун территориясын кесип өтөт. Дарыяга коруктун бир канча агын суулары келип кошулат. Исфара, Кымыздек-Сай, Көк-Кем, Калбеки, Жошо, Кыйшык-Арча, Найза-Сай, Майданек-Сай, Кыргыз-Сай, Жол-Чыккан-Сай, Келте-Сай, Араб-Сай, Кыштак-Сай, Манас-Сай, Кызыл-Жар, Ынтылды, Кара-Арча, Четки-Сай, Жолдуу-Сай, Капал-Сай, Мухтар-Сай, Макамбай-Сай, Манас-Сай, Карагандуу-Сай, Түз-Сай жана башкалар.
Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү баа жеткиз байлыктары менен айырмаланып турат.
Корукта азыркы мезгилде жалпы 1500гө жакын ар кандай өсүмдүктөрдүн түрүн кездештирүүгө болот. Канаттууулардан 150 түрү коруктан байыр алып жашашат. Алардын ичинен Кызыл китепке кирген сут эмүүчүлөрдүн 9 түрү кездешет. Кидик така тумшуктуу жарганат, Күрөң аюу, суусар, чаар күсөн, кундуз, сүлөөсүн, илбирс, Мензбир сууру, жейре чүткөр.
Өсүмдүктөрдөн 17 түрү: Регель тамыр күчаласы, Пскем пиязы, Он эки тиштүү пияз, Жогору умтулган мандалак, Грейг мандалагы, Кауфман мандалагы, Минквиц тезиуму, Кычымдай кой тикен, Кызыл жалбырактуу алма, Кызыл алма, Кноринг долоносу, Персия алма четини, Петунников бадамы, Узун-Акмат жүзүмү, Корольков шалфейи.
Канаттуулардан 10 түрү: кара кунас, ителги, кумай, жылаанчы, жылкычы, бүркүт, каркыра, чоң үкү, ала канаттуу тоңкулдак, узун куйрук чымынчы.
Кур-кумурскалардан 3 түрү: тикен куйрук ийнелик, дөө шер чымын, арчачыл мүйүз куйрук.
Балыктардан 1 түр: Түркстан жайаны
Сойлоп жүрүүчүлөрдөн: бутсуз кескелдирик, жылан сымал кескелдирик.
- “Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругу Батыш тарабынан Чаткал дарыясы менен Өзбек Республикасынын Чаткал коругу менен чектеш. Ал эми Түштүк тарабынан Чаткал кырка тоосунун кыры аркылуу Ак-Таш, Кызыл-Таш тоолору аркылуу Муз-Төр ашуусуна жетет. Түштүк-Батыш тарабынан Кара-Сай, Теке-Таш, Злай, Шабрез ашуулары аркылуу кайрадан Ыманканга түшөт. Түндүк тарабынан Пскем кырка тоолорунун кырлары аркылуу өтүп Чыгыштан Ак-Таш тоосунан баштайт да Казан-Булак, Алям, Чоң-Камыш, Пийгек ашуулары аркылуу Казанек-Сайдын Түндүк-Чыгышындагы тоонун кыры аркылуу Чаткал дарыясына түшөт.
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Беш-Арал мамлекеттик коругу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы жана илим изилдөөчү мекеме болуп саналат. Корукта илимий-техникалык кеңештин чечими менен бекитилген төрт багыт боюнча иш алынып барылат:
- илим изилдөө;
- биотехникалык;
- жаратылышты коргоо;
- экологиялык-агартуу иштери, - деп жооп берди “Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Райкан Аманкулов.
Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24