KELECHEK
rek

Өзгөчө тарыхы бар “Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу

Өзгөчө тарыхы бар “Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу

“Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында Паыша-Ата күмбөзү жайгашкандыктан улам, жаратылышы өзгөчө кооз болгондугу үчүн бул жерге коңшу мамлекеттерден көптөгөн туристтер байма-бай келип эс алып кетишет.

Коруктун директору Муктар Артыкбаевдин берген маалыматына караганда, 2003 – жылдын 3- июлунда № 405 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Авлетим токой чарбасынын, Падыша-Ата токойчулугунун базасында уюштурулган. Корукту уюштуруунун негизги максаты - уникалдуу арча токойлорун жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Семенов пихтасын сактап калуу. ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы жаратылыш обьекттеринин (Батыш Тянь-Шань) “Тарыхий мурастар”тизмесине 2016-жылы  кошулган”, - дейт коруктун директору М.Артыкбаев.

“Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коргугу (МЖК) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан. Коруктан облустун борборуна (Жалал-Абад шаары) чейинки аралык - 240 чакырым (км.), райондун борборуна (Кербен шаары) чейинки аралык - 30 чакырымды түзөт.

Аталган корук 13 айланма жолго (обходко) бөлүнөт. Коруктун жалпы аянты 30,560 га. Жалпы: Өзгөчө корголуучу аймактын аянты-16295,0 га түзөт. Коруктун аймагы Авлетим токой чарбасы, Ала-Бука районунун мамлекеттик токой чарбасы жана Аксы районунун мамлекеттик жер запасы менен Түндүгүнөн Чаткал кырка тоолору менен чектешет.

Коруктун территориясында тарыхый мааниси бар, Падыша–Атанын күмбөзү жана зыярат (диний көз караштагы) кылуучу бир нече булактар, жерлер бар. “Падыша-Ата” мамлекеттик коругунда эки бөлүм иш жүргүзөт: коргоо жана илимий–изилдөө иштерин жүргүзүү бөлүмү.

“Падыша-Ата” МЖКнун жалпы токой баскан аянты 15063,5 га. Корукта өсүмдүктөрдүн 859 түрү кездешет. Анын ичинен 78 түрү 19 уруу бадал-дарак өсүмдүктөр, калган 781 түрү 50 уруу чөп өсүмдүктөрү. Токойдо дарак өсүмдүктөрүнөн: роза гүлдүүлөр, сөйкө гүлдүүлөр, кипарис жана сосналар уруусунун өкүлдөрү бар. Бадалдардан: шилбилер, роза гүлдүүлөр, чанактуулар уруусунун өкүлдөрү. Чөп өсүмдүктөрүнөн: дан гүлдүүлөрдүн, өлөң чөптөрдүн, кайчылаш гүлдүүлөр, кара күрүчтөр, гвоздика гүлдүүлөр, чанактуулардын, лютиктердин, бурачниктер, чатыр гүлдүүлөр, эрин гүлдүүлөр уруусунун өкүлдөрү басымдуулук кылат.

Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн 8 түрү катталган. Дары-дармек катары колдонулуучу өсүмдүктөрдүн 76 түрү кездешет. Негизги токойлору: арча токойлору. Токой түзүүчү породалары: туркестан арчасы, зеравшан арчасы, жарым шар түрүндөгү арча. Семенов пихтасы жанаТяншань карагайы өсөт.

Коруктун орфографиясы ар түрдүү болгондуктан, жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын көптөгөн түрлөрүн кездештирүүгө болот.

Сүт эмүүчүлөрдүн – 30 түрү, канаттуулардын – 51 түрү. Негизинен сут эмүүчүлөрдөн; сибирь тоо эчкиси, элик, илбирс, доңуз, түркестан сүлөөсүнү, суур, карышкыр, түлкү, коён, кашкулак, аюу, индия чуткору ж.б. Канаттуулардан; кекилик, бүркүт, кыргоол, кумай жана келгин куштардын көпчүлүгүн кездештирүүгө болот. Анын ичинен: сүт эмүүчүлөрдүн – 5 түрү, канаттуулардан  - 7 түрү, курт-кумурскалардан – 2 түрү  Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.  

Коруктун аймагында жол жээгиндеги инфра түзүмдөрдү өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жагы экотуризм жолго салынып, азыркы учурда СВТлер түзүлүп, иш алып барып жатышат. Ат маршруту (конный тур), жөө турлар (пеший тур) боюнча карталары түзүлгөн.

Жергиликтүү деңгээлде жана биотүрдүүлүктү жана жамааттардын арасында жаратылышты коргоо боюнча жумуштар жүргүзүлүп, ишембиликтер  уюштурулуп жатат.

Коруктун аймагында тоо-кен ишканаларынын, жол куруучулардын  иши коруктун мыйзамына туура келбейт. Ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаратылыш мыйзамдарын бузган фактылар катталган жок.

Туристтик маршруттардын баракчалары түзүлгөн, азыркы учурда атайын тажрийбалуу инструкторлор  менен иш жүргүзүп жатабыз.

Падыша-Атанын тарыхы

Эл арасында кеңири таралган уламышка ылайык, биздин замандын VII-VIII кылымдарында Ислам динин таркатуу милдетин аткаруу максатында Шах Жалил, Фергана өрөөнүнөн  3000 мусулман лашкери менен улуу жүрүш   жасап келип, азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука  районунун Гулистан кыштагына орношот. Ошентип Падыша Шах Жалил Исламды таратуу менен өзүнө бир топ душмандарды арттырат. 

Ушул жердеги көчмөн урууларды тескеп турган  Падыша Кербен-Боз, Ислам динин   таркатууга   каршы   чыгып,  Падыша Шах Жалилдин   аскерлери  менен тез-тез согушуп турган. Ислам динин   таркатуу максатында  келген Шах Жалил согушка  кеткен учурда, убактылуу «Саид Камалиддин Салмони  Ал-Фарси» Падышалык милдетти аткарып турган. Көпчүлүк атын билбегендиктен, Падыша деп чакырышчу экен. Падыша-Ата сахабаларды көргөн Табиин адам болгон.

Бетме-бет салгылашуулардан жоокерлеринни кырылганын көрүп, Падыша   Кербен-Боз алдоо жолуна өтө баштайт. Ал өзүнүн кызын Падыша Шах Жалилге аялдыкка берет. Падыша Кербен-Боз кызы аркылуу мусулмандардын сырын билип алууга жетишип, мусулмандар  жума намаз окуп жатканда мечитке кирип барып, арт жагынан чекесинен башын ала баштайт. Ыйман өлүмдөн күчтүү болгондуктан, бири да намаз бүткөнчө отурган оордунан жылган эмес. Намаз окулуп бүткөндө эки катар гана адам качып кутулат.

Көпчүлүк мусулмандардын башы кесилип,  мечиттин ичи канга толот. Аман калгандарга Шах Жалил: “Эми силер лашкер эмессиңер, силер дервиштин кийимин кийип алып, Исламды тараткыла!”, - деп өзү Меккеге кайтып кетет.

Падыша-Ата жана башкалар туш тарапка качып кетишет. Кыргындан кийин Падыша Шах Жалилдин кызматкери сахаба “Булан” аттуу Африкалык негр кыз 2772 адамдын башын жууп, баарын бир жерге көмүп бүткөнчө кара кыз ак кызга айланып калган. Жергиликтүү эл аялды олуя деп эсептеп, аны      Сафед-Булан деп атай башташат. (“Сафед” деген сөз Перси тилинде “ак” дегенди түшүндүрөт). Ошондон кийин бул жер ыйык “Сафед-Булан” деп аталып калган.

Ошол окуядан кырк жыл өтүп, Шах Жалилдин уулу Шах Фазил кайрадан бул жерлерге чабуул жасап, Ислам динин толук орнотот. Өзү да ушул жерден каза таап, Гүлистанга сөөгү коюлган. (Мавзолей Шах Фазил – Мазар шаарчасындагы Шах Фазилдин мавзолейи ХI кылым)

Гүлистандан качкан Падыша-Ата азыркы Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Падыша-Ата мамлекеттик коругунун Миң Жылкы жайлоосунда динди тарата баштаган. Падыша-Ата бул жерден да жергиликтүү элдерден өзүнө шакирттерди чыгарат. Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарсинин жашоо тажрыйбасы көп, акылдуу инсан болгондуктан, бул жердеги элдер анын аркасынан эрчишкен.

Падыша-Ата Миң-Жылкы жайлоосунда көп жыл жашап жүрүп, өзүнүн өлөөрүн билгенден кийин шакиттерине: “Менин ичээр суум түгөнүп баратат окшойт. Мен көз жумгандан кийин, боордошторумдун жанына койгула”, - деп акыркы керээзин калтырат. Бирок, “табытты көтөргөндөн кийин жерге койбогула, эгерде жерге койсоңор, табытты жерден үзө албайсыңар, менин сөөгүм таштан оор болуп калат!”, - деген сөзүн айткан.

Көп өтпөй Падыша-Ата көз жумат. Шакирттери Падыша-Атанын керээзин аткаралы деп, табытты алып Сафед-Булан тарапты көздөй жөнөшөт. Алыс жол жүрүп чарчаган жигиттер табытты көтөрүп келе жатып, Капчыгайдан чыгаарда, суу боюнан балапандарын ээрчитип келе жаткан кекиликти көрүшүп, табытты жерге коюп кууп жөнөшөт. Кайра кайтып келишип, керээзде айтылгандай табытты жерден үзө албай коюшат да, азыркы ордуна көмүп кетишет. “Алланын амири менен ушул жер буйруган экен”.

http://kogart.kg/?view=news&id_news=934

Азыркы учурда Ель Тянь-Шан карагайын жана Ак карагайдын (Пихта Семенова) өсүшүн аныктоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Табигий жаңыланууга көзөмөл жүргүзүү жана талаа жумуштары жүрүп жатат. З.Кутманова атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ”Жашыл жаратылыш, жашыл коом” - деген  темада экологиялык сабак 8-10-11-класстар арасында өткөрүлдү. У.Турдубаев атындагы орто мектебинде “Жаратылыш биздин келечегибиз” - деген темада экологиялык сабактар өткөрүлгөн”, - дейт “Падыша-Ата” МЖКнун директору Муктар Артыкбаев.

Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24