KELECHEK
rek

«Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун 4,5 миң гектарында жаңгак токой бар

«Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун 4,5 миң гектарында жаңгак токой бар

Кыргызстандын түштүгүндөгү токойлордун биологиялык ар түрдүүлүк тутумундагы орду Борбордук Азияга канчалык маанилүү болсо, бүткүл дүйнөдөгү орду дагы ошондой эле мааниге ээ. Бул токойлордогу мөмө жемиш жана жаңгак жемиш дарактардын көпчүлүк сорттору байыртадан ошол чөлкөмдө өскөндүктөн, айлана-чөйрөнү коргоонун улуттук жана глобалдык мааниси өтө чоң.

«Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу Фергана кырка тоосунун батыш ийри жантаймасынын Бабаш-Ата тоо тармагынын Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр өрөөндөрүндө жайгашкан. Эң бийик жери 4427 метр деңиз деңгээлинен жогору.

Кыргыз Республикасында экологиялык абалды жакшыртуу, кайталангыс өзгөчөлүү байыркы грек  жаңгакты жана токойлорун сактоону камсыз  кылуу жана Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык түрлөрү жөнүндө жана Буткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо жөнүндө конвенциялары боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12- июлундагы №-482 «Дашман мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндөгү» токтомунун негизинде “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу уюштурулган.

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Кочкорбай Калдарбаевдин берген маалыматына караганда, коруктун жалпы аянты  7958.1 гектарды түзөт. Негизинен жаңгак-мөмө токойлорунан турат. Бираз бөлүгүн тоо алдындагы кургак талаалар ээлейт. Корукта  4,5 миң гектарында жаңгак токой, 662 өсүмдүктүн түрү бар. Учурда 8 миң гектар корукту сактап калуу керек.

Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айыл аймактарында жайгашкан. Жаратылыш коругу түндүктөн түштүккө карай 17,5 чакырым (км), батыштан чыгышка карай 8.5 км аралыкка созулат.

Түндүк жагы Сейдикум айыл аймагынын, түштүк-чыгыш жагынан Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын, түштүгүнөн Ачы токой чарбасынын, түштүк-батыш тарабынан Арстанбап-Ата токой чарбасынын жерлери менен чектешет.

Уникалдуу реликт жаңгак токойлорун  жана биотүрдүүлүктү сактоо максатында 1975-жылы Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин чечими менен Дашман токой коругу (заказник-аянты 3031 га) болуп уюшулган. 2012-жылдын 12-июлуна чейин өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактарына кирип, Арстанбап-Ата токой чарбасынын балансында турган.

Жаңгак мөмөлүү токойдун тарыхы

Илимий изилдөөнүн негизинде жаңгак Фергана кырка тоосунун түштүк тарабынан Чаткал кырка тоосуна чейин кездешет. Жаңгак токойлору Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Орток, Кыргыз-Гава токой чарбаларында жайгашкан. Жаңгактын эң калың жана жашы жетип калган дарактар (негизги массив) Арстанбап-Ата жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын (азыркы  Дашман коругу) аймагында жайгашкан.

Ал мезгилдеги жана азыркы токойду салыштырып болбойт. Себеби калктуу конуштар жана элдин санынын көбөйүшү менен токойго басым күчөй баштады. Эл көбөйгөн соң ийри мийиздүү мал, жылкы жана майда жандыктарды багуу үчүн токой чарбалардын аймагынан жайыт бөлүнүп берилген. Бирок ал жайыттардын аймагы аз болгондуктан, токойго зыян келтирүү жолдору пайда болгон.

«Токой чарбанын чарба жумуштары калктын саны көбөйгөнгө  чейин  жүргүзүлүп, 1950-жылдары Жалпак-Таш, Барскан, Кара-Жаңак, Эски Дашман, Салибек, Маяк жана Дашман коктусунда тигилген  жаңгак токойлору азыр мөмө берип жатат. Акыркы 1998-2000- жылдары эгилген көчөттөр Жакшына, Жантык, Ак-Тал коктуларында өсүп мөмөгө кирип калды.

Совет доорунда биринчи токой чарба ачылып, Киров токой чарбасынын Дашман токойчулук бөлүмү болгон.

Токойго  антропогендик басым болгондугуна байланыштуу жергиликтүү жашоочууларга  Базар-Коргон жана Сузак  райондорунан жер бөлүнүп берилген. Бирок, тилекке каршы элдер ал жакка көчкөн жок. Бул иш-чара ошол бойдон калып кетти. 2000-жылдары жаңгак уюлу контробанда жолу  менен кыйууга дуушар болгонун белгилеп кетпесек болбойт.

Ал эми 1950-1975-жылдар арасында Дашман айылы болуп 30га жакын түтүн үй, башталгыч мектеп (4-класс), токойчулук бөлүмчөнүн конторасы, эки кардон, аткана, жарык жагуучу мотор-генератор болгон. Ошол жылдары Дашман токойчулук бөлүмү жаңгактын мөмөсүн терип тапшыруу боюнча биринчиликтерди ээлеп, Союзга даңкы чыккан.

Токойдун  арасында, жапайы жаныбарлардан: элик, кирпи, каман, сүлөөсүн, кашкулак, канаттуулардын түрлөрү кездешет болчу. 1990-2020-ж.ж .каман, кирпи, сүлөөсүн, элик бул токойду (жашаган жерин) таштап кетип калышкан.

Азыркы учурда өсүп жаткан жаңгактардын 60 пайыздын тегереги бышып жана өтө карылыгы жетип калган дарактар. Өзүнөн-өзү көбөйүп өсүшү үчүн шарт түзүп берүү, биздин жумушубуздун негизги милдеттери болуп саналат», - дейт директор К.Калдарбаев.

.​

Жаңгак – бул бир үйлүү шамал менен чандашчу (эркек жана ургачы гүлдөрү бир түптө), топуракты тандай турган, жылуулукту жактырган өсүмдүк. Жаңгак орточо 400-500 жыл, климат шарттары ыңгайлуу жакшы болсо 600-700 жылга чейин жашайт.

Адистердин айтымында, жаңгак токойлору юр доорунда келип чыккан токой болуп эсептелет. Мунун өтө чоң аянты болгон. Муз доорунан кийин жаңгак токоюнунун сакталган жери Кыргызстан. Ал эми “Дашман” коругунда абдан чоң бөлүгү сакталып калган. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринде табигый өскөн жаңгак токойлору жокко эсе. Башка мамлекеттердеги жаңгак токойлору бул кол менен эгилген, плантация кылган токойлор Кытайда жана башка мамлекеттерде бар. Ал токойлор биздин токойлордой баалуу эмес, алар продукция алуу үчүн гана өстүрүшкөн.

“Дашман” коругунун аймагында жогорку тамырлуу өсүмдүктөрдүн 662 түрү табылган. Алардын ичинен 20 түрү Кыргызстанда эндемик болуп эсептелет жана 4 түрү “КР Кызыл китебине” 2007-жылы киргизилген. Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, коруктун аймагында канаттуулардын 80 түрү катталган. Алардын ичинен уялоочуларга 69 түрү кирет, калган 11 түрү азыктануу же миграциялык мезгилдегилер болуп эсептелет. Сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрлөрү: кумай, кара кумай, журтчу, бүркүт, кидик бүркүт, жыланчы, ылаачын, чоң сары үкү, мыкый үкү жана ак канаттуу тоңкулдак. Сүт эмүүчүлөрдөн: суусар жана чүткөр. Сейрек кездешүүчүлөргө энот кирет. Булардын баары маалымат базасына киргизилген.

Жаратылыш коругунда Кызыл китепке кирген бир канча өсүмдүктөр бар, бирок алар жоголуу коркунучунда турат. Анткени, аталган жаратылыш коругу айылга жакын жайгашкандыктан, антропогендик терс таасирге туш болуп, токойлор менен жайыттар жабыр тартууда. Бул токойлор деградацияга туш болуп, карып, бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыттардын мыйзамсыз колдонулушу биотүрдүүлүктү кыскартууда.

Коруктун аймагында 2018-жылы № 4-токой бөлүмүнун (кыдырманын) «Эски Тегирмен» коктусунда өсүп турган грек жаңгагынын капталында жайгашкан уюлун (капты) белгисиз адамдар тарабынан кесилип, уурдалып кеткендиги белгилүү болгон. Корук тарабынан ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, тергөө кызматкерлери менен биргеликте кылмышкер табылып, мамлекеттин казынасына  92 700 (токсон эки миң жети жүз) сом накталай акча төлөнгөн.

Социалдык -экономикалык шарттары

Корук үч айыл аймагынын 8 айылдын курчоосунда жайгашкан. Элдин муктаждыгы жаңгак мөмөсүнө байланыштуу. Ошондой эле сынган дарактардан отун максатында корук болгонго чейин пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар эле. Азыркы күндө коруктун Жобосуна ылайык, чарба жумуштарына тыюу салынат.

- Кочкорбай Тентикулович, коруктун келечегине токтолуп кетсеңиз?

- Коруктун эң негизги максаты жана багыты байыркы грек жаңгактын генофондун сактап калуу менен бирге, жаңгак токойлорун жаратылыштын табигый жолу менен көбөйтүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жыл - Тоолор экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» - деп жарыялаганын негизинде токой экосистемасына мамлекеттик деңгээлде маани бергенине, биз токойчулар абдан ыраазыбыз.

Келечектеги коруктун иш-чараларын ишке ашырсак, токойлорубуз калыңдап, картаң жаңгак дарагы жаш жаңгак дарагы менен алмашат. Антропогендик басымы азайса, жапайы жаныбарлар жана канаттуулар  көбөйөт. Акыркы 10 жылдан бери өзгөрүү көзгө көрүнүп, жаш көчөттөр (өзү өсүп чыккандар) азыр алды 1 метрге жетип калды. 

Токойдо табигый жол менен өскөн жаңы жаңгак-мөмө көчөттөрү жокко эсе. Көпчүлүк жаңгактар карып бара жатат. Жаңы жаңгак көчөттөрүнүн өспөй жаткандыгынын негизги себеби анын түшүмү бышканда баары жжергиликтүү тургундар тарабынан жыйналып алынат. Бул жаңгактын табигый жол менен көбөйүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат. Мындан  сырткары, жаңы чыккан көчөттөрдүн айланасы ачык болгондуктан, мал жандыктар чөп менен кошо жеп коюшат. Ошол себептен, жаңы көчөттөрдү питомниктерде отургузушуп, токойдун ачык болуп калган жерлерине жаңы көчөттөрдү отургузуп, айланасын темир тор менен коргоп коюуга туура келүүдө.

Дашман МЖКнун келечеги байыркы жаңгактар өзүнөн-өзү өсүшүнө шарттарды  жаратсак, ошондо биз корук эмне үчүн  уюшулганын далилдейбиз .Ал үчүн көптөгөн убакыт талап кылынат. Корукка антропогендик басым аз болсо токой өзүнөн-өзү көбөйүп, тынч болсо, жапайы жаныбарлар пайда болот. Себеби жаныбарлар дагы токойдун экосистемасына киргенин барыбыз билебиз.

Корук - бул жаратылыш комплексинин эталону. Токойчулардын жасаган жумушу бир жылда билинбейт (көзгө көрүнбөйт), ал үчүн көп убакыт талап кылынат. Илимий иштерди (экологиялык тарбия берүү) өркүндөтүү үчүн жогорку окуу жайлары менен келишимдин негизинде иш алып баруу керек. Студенттер менен биргеликте иш алып барууну мезгил талап кылып жатат. Келечек жаш муундарга тажрыйбабызды, болгон билимибизди үйрөтсөк, алар биз алып барган  жумушубузду улантып кетет деген үмүттөбүз.

http://kogart.kg/?view=news&id_news=4510

Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24