Таш-Көмүрдө 60 жаштагы тургундун үйүнөн мыйзамсыз өстүргөн кара куурай табылды
Таш-Көмүр шаарынын тургуну 60 жаштагы тургун өз үйүнүн короосунда өстүрүүгө тыюу салынган кара куурай өсүмдүгүн атайын сугарылып өстүрүп жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалыматты Таш-Көмүр ШИИБнүн баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун кызматкери аныктаган.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, аныкталган маалыматтын негизинде Таш-Көмүр шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан аталган тургундун үйүнүн короосуна, соттун санкциясы менен калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн.
Тинтүүнүн негизинде 2016-жылдын 21-июль күнү А.Кдин үйүнүн короосуна барган кезде милиция кызматкерлер жана калыстардын катышуусунда атайын суугарып, карап өстүрүлгөн жалпы 17 түп кара- куурай табылып, өсүмдүктүн салмагы болжол менен 25-30 килограммды түзгөн.
Ошондой эле, үйүнүн ичинен мындан тышкары 15 грамм кургатылган марихуана баңги затын үй ээси өз ыктыяры менен алып чыгып берген. Милиция кызматкерлери кошумча үйүн текшерген учурда үй эмеректин (шифонердин) ичинен жалпы салмагы 200 гр марихуана баңги заты жана өстүрүп жүргөн кара-куурайдын уруктары ак түстөгү баштыкчада (кленкада)табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, алынган заттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56