
Орусия "Ямал-Европа" түтүгү аркылуу газ сордурууну токтотту

Орусия Польша менен Германиянын чек арасындагы "Мальнов" компрессордук станциясы аркылуу "Ямал-Европа" түтүгү менен газ сордурууну токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги Германиянын Gascade газ-транспорттук операторуна шилтеме кылып билдирди.
29-мартта "Мальнов" станциясы аркылуу аталган газ түтүгү менен Польшага жана Германияга 1 млн. 450 кВт/сааттан ашык газ өтүп турган болсо, бүгүн ал нөлгө түшүп калган. Азырынча газ сордурууну токтотууга эмне себеп болгону айтыла элек.
Маалыматка караганда, башка газ түтүктөрү, анын ичинде "Түндүк агым -1" аркылуу Европага газ жеткирүү уланууда.
Польша аркылуу Германияга газ жеткирүү боюнча "Газпромдун" узак мөөнөттүү келишими жок. "Газпром" ал транзиттик кубаттуулуктарды бир айлык же бир суткалык аукциондордо брондоп алып турат.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 28-мартта"Газпром" акыркы эки жумадан бери алгачкы жолу "Ямал-Европа" түтүгү менен Польша аркылуу Германияга газ сордуруу үчүн транзиттик кубаттуулуктарды бир суткага (29-март) брондогон. Андан соң газ сордуруу үчүн 30-мартка дагы бир кошумча кубаттуулукка буйрутма берген.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө, Борбордук банкка жана "Газпромго" 31-мартка чейин "дос эмес өлкөлөргө" газ сатууда рубль менен эсептешүүнү киргизүүнү тапшырган. Көп өтпөй "Чоң жети" (G7) уюмуна кирген өлкөлөр – АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Канада, Италия, Жапония – газды рубль менен сатып албай тургандыктарын жарыялашкан. Кийинчерээк бул билдирүүгө Европа биримдиги толук курамы менен кошулган. Өз кезегинде орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков рублга сатып алуудан баш тартышса, газ жеткирүү токтотуларын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04