KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарындагы абак жыл аягына чейин башка жерге көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы абак жыл аягына чейин башка жерге көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы абак шаар четине жылдырылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын айтымында, шаар ичинде жайгашкан Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча акча маселеси чечилген.

«Биз түрмөнү жылдырууга Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан 8 гектар, Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн 8 гектар жер көрсөткөнбүз. Базар-Коргондон көрсөтүлгөн жерге макул болуп жатышат. Себеби андагы кызматкерлер үчүн салынган турак жай шаар ичинде жайгашкан. Кызматкерлердин шаардан барып-келип иштөөсүнө ыңгайлуулугу бар экен. Жыл аягына чейин шаар сыртына чыгары күтүлүүдө», - дейт ыйгарымдуу өкүл.

Белгилүү болгондой, Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Сары-Талаа участкасынан 8,5 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилет. Анын 6 гектарын айдоо, 2,5 гектарын жайыт жер түзөт. Бул иш боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барып жатат.

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардагы абак 6 гектар 80 сотых жерди ээлейт.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаевдин айтымында, эгер абактын имараты шаар мэриясына өтсө, келечекте заманбап имараттарды куруу планы бар.

«Абак жайгашкан жер биздин же муниципалдык жер эмес, мамлекеттин жери. Бирок шаардын аймагында турат. Келечекте бизге өтсө жаңы инновациялык комплекс түшөт. Башкача айтканда, жаңы түрдөгү көп кабаттуу үйлөр, мектеп, бала бакчасы менен курулат. Ушундай планыбыз бар», - деди ал.

"Turmush"

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53