KELECHEK
rek

Ошто 275 орундуу мектепке капсула салынды

Ошто 275 орундуу мектепке капсула салынды

Жапалак айылдык аймактык  башкармалыгынын Тээке айылындагы №45 Мырзаев атындагы орто мектебинин жаңы курулушуна капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери шаар активисттери жана тургундары катышты.

Мырзаев атындагы жаңы мектептин сметалык баасы 45 млн.сом. Ал эми тендердик баасы 29 млн.545 миң 500 сомду түзүп, 275 орунга ылайыкташкан.

Шаар башчысы А. Кадырбаев шаардагы социалдык муктаждыктарды чечүү эң негизги максат экенин айтты.

“Учурда шаардагы жана чет жактагы айылдарга өзгөчө көңүл буруп, социалдык жактан көйгөйлөрдү чечүүнү колго алдык. Жапалак аймагында эле аз убакыттын ичинде төрт бала бакчаны бүтүрүп тапшырдык. Андан тышкары, Мырзаев атындагы мектептин спорттук имаратын бардык шарты менен куруп бердик. Мына эми мектеп башталып олтурат. Кийинки жылы курулуш иштери аяктап, балдарды жаңы мектептин имаратына көчүрөбүз”, - деди А. Кадырбаев.

Айта кетсек, Тээке айылында башталган №45 Мырзаев атындагы жаңы мектеп 2017-жылы колдонууга берилет. Мындан тышкары жакынкы аралыкта Жапалактын Пятилетка жана Озгур айылдарындагы бала бакчалар шаардыктарга тапшырылат.

Белгилей кетсек, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калкынын саны 28 254, ал эми Тээке айылында 4500 эл жашайт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13