KELECHEK
rek

Киевде Украинанын аскердик техникасынын сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокер кармалды

Киевде Украинанын аскердик техникасынын сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокер кармалды

Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги аскерлер жайгашкан жердин сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокерди кармады.

Мекеменин билдиришинче, орус тарап аталган видеодогу маалыматты колдонуп, 20-мартка караган түнү украин күчтөрү жайгашкан соода борборго ракеталык сокку жасаган. Анын жыйынтыгында сегиз киши өлүп, "Ретровилль" соода борборунун бир нече кабатында өрт чыгып, жакын жердеги автоунаалар күйүп кеткен.

"Маалыматты ал душманга жардам берүү үчүн атайылап жарыялаганбы же жокпу тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Бардык жарандардан өтүнөбүз, аскер техникалары жана аскердик объектилер тууралуу маалыматтарды жарыялабагыла. Душмандар аларды сокку жасоо үчүн пайдаланышы мүмкүн", - деп жазылган Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги соода борборго жасалган ракеталык соккулардан улам украин армиясына таандык курал-жарак кампасы жана дароо бир нече ракета коё берүүгө жөндөмдүү реактивдик система жок кылынганын кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...