KELECHEK
rek

Орусиядан 70 миңден 100 миңге чейин IT-адиси чыгып кетиши мүмкүн

Орусиядан 70 миңден 100 миңге чейин IT-адиси чыгып кетиши мүмкүн

Жакынкы айларда Орусиядан 70 миңден 100 миңге чейин IT-адиси чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого шилтеме кылып кабарлады.

Плуготаренконун айтымында, февралдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин Орусиядан 50 миңден 70 миңге чейин IT-адиси чыгып кеткен. "Өлкөдөн кеткен IT-адистердин саны мындан да көп болмок. Буга авиабилеттердин кымбаттыгы, турак-жай бааларынын кескин жогорулашы жана транзакцияларды жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги себеп болду", - деди Плуготаренко.

Буга чейин эмиграцияда жүргөн орусиялык оппозициячылар менен коомдук ишмерлер Орусиянын согушка каршы комитетин түзүшкөн. Анын негизги максаттарынын бири – Украинадагы согуштан улам мекенинен чыгып кеткен орусиялыктарды колдоо болуп эсептелет.

Комитеттин мүчөлөрү "Путиндик Орусияда жашоого мүмкүн эмес деп эсептегендерге" чет өлкөлөрдө документтерди топтоого, виза алууга, банк эсептерин ачууга жана юридикалык маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убадалашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...