Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы жолдордун оңдоп түзөө иштерин текшерди
Кечээ, 19-июль Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаардын негизги жана ички жолдорунда жүргүзүлүп жаткан чуңкурларды жамоо иштерин текшерди.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин айтымында жолдор сапаттуу болуш үчүн тынымсыз көзөмөл жана мыкты техника болуусу зарыл. Андыктан ал жагы да учурда сүйлөшүлүп жаткандыгын кошумчалады.
“2016-жылга карата чуңкурларды жамоо иштери боюнча негизинен «Ак-Буура» дарыясынын оң жана сол жээк бөлүгү жана «Амир –Тимур» кичи районунун жолдору боюнча иш-план түзүлүп, түзүлгөн иш-пландын негизинде 17,0 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерди «Сын-Таш» ишканасы 11687000 сомго утуп, бүгүнкү күндө чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүп жаткан учур. Акчаны үнөмдөп жолдорду каалаган учурда, кайсыл мезгил болбосун оңдоп кетүүнү пландап, атайын техника сатып алууну көздөп турабыз”,- деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жалпы суммасы 5780214 сомдук жалпы аянты 10509,48 м2 чуңкурларды жамоо иштери аткарылды. Бул иш аракеттер толугу менен сентябрь айынын акырына чейин бүтөт. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын М.Али-Джиннах жана Алиев көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, кайрадан асфальтталган Абдыкадыров көчөсүн комиссия текшерип, тыянак чыгарып берген соң кабыл алынат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13