KELECHEK
rek

"Биринчи каналдын" түз эфиринде согушту айыптаган Марина Овсянникова табылбай жатат

Адвокаттар "Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникованы таппай жатышат. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы "Агора" уюмунун адвокаты Даниил Берманга шилтеме берүү менен билдирди.

Овсянникова 14-март күнү кечинде "Время" программасынын түз эфирине согушка каршы плакат көтөрүп чыккан. Ал "Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат" деп айтууга үлгүргөн.

Буга чейин Овсянникова Москванын Останкино райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Бирок полициячылар укук коргоочуларга ал бөлүмдө жок экенин айтышкан.

Адвокат Даниил Берман "Медузага" 15-март күнү эртең менен Овсянникованы "Останкинонун" нөмөөт бөлүмүнөн да, шаардын башка полиция бөлүмдөрүнөн да таба алышпаганын кабарлады.

"Холод" басылмасы адвокат Павель Чиковго шилтеме берүү менен Марина Овсянникова 12 сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жазды.

14-март күнү кечинде "Биринчи каналдын" кызматкери Марина Овсянникова "Время" программасынын түз эфиринде согушка каршы акция өткөрүүгө үлгүргөн. Ал алып баруучу Екатерина Андрееванын артына антисогуштук плакат көтөрүп чыккан. Баракчада: "No war. Остановите войну. Не верьте пропаганде. Здесь вам врут. Russians against war", деп жазылган. Андреева бул маалда батыш санкцияларынын кесепеттерин жумшартуу боюнча өкмөттүн пландарын айтып жаткан. Бир нече убакыттан соң режиссерлор эфирди алдын ала даярдалган маалыматтар менен алмаштырган.

Овсянникова дароо кармалган. Бейрасмий маалыматтарга караганда ал "орус аскерлерин дискредитациялоо" тууралуу административдик мыйзам бузуу кодексинин негизинде административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Буга чейин адвокат Даниил Берман Овсянниковага кылмыш иши да козголушу ыктымал экенин айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн жаңы видеокайрылуусунда Овсянниковага бул аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен чындыкты жеткирүүнү токтото элек орусиялыктарга... жеке "Биринчи каналдын" студиясына согушка каршы плакат менен кирип барган ошол кызга ыраазымын. Нааразылык билдирүүдөн коркпогондорго айтарым, силер күрөшүшүңөр керек, силер мүмкүнчүлүгүңөрдү жоготпошуңар керек. Азырынча силердин өлкө бүт дүйнөгө толук жабыла элек", – деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53