KELECHEK
rek

Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

Журналисттер бюллетендер Сердар Бердымухамедовдун пайдасына алмаштырылганын кабарлашкан

Түркмөнстанда 12-мартта өткөн мөөнөтсүз президеттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов добуштардын 72,97% алып, жеңишке жетти.

Шайлоого Бердымухамедовдон тышкары буга чейин көпчүлүккө анча таанымал эмес дагы сегиз талапкер катышкан. БШКнын маалыматына караганда, экинчи орунга добуштардын 11,09% алган Хыдыр Нуннаев жайгашса, үчүнчү орунга 7,22% добуш менен Мары облусунун башчысынын орун басары Агаджан Бекмырадов жайгашты. Калган алты талапкер шайлоочулардын 1-2% гана добушун алышкан.

Буга чейин "Азатлык" радиосунун кабарчылары өз булактарына таянып, облустардын биринде добуштардын көпчүлүгү башка талапкерлерге берилгендиктен, бюллетендер жапырт түрдө президенттин мураскорунун пайдасына жасалмаланганын билдиришкен.

Гурбангулы Бердымухамедов мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу быйыл февралда айткан. Мамлекет башчысы бул чечимин "мамлекетти башкарууда жаштарга жол берүү" каалоосу менен түшүндүргөн.

12-марттагы шайлоо Түркмөнстандын тарыхына эң кыска аралыкта өткөн шайлоо катары кирди. Байкоочулар бул саясий өнөктүктү бийликти ачык эле атасынан уулуна өткөрүп берүү аракети катары баалап жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...