KELECHEK
rek

Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту жылды

Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту жылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы пикет учурунда милиция кармап кеткен укук коргоочулардын ишин кароону кийинкиге калтырды. Бул тууралуу укук коргоочулардын бири Азиза Абдирасулова билдирди.

Ал буга айып коюлуп жаткандар иш менен толук таанышып бүтө электиги негиз болгонун айтты. Ага ылайык, Динара Ошурахунованын иши 18-мартта, ал эми Азиза Абдирасулова менен Өндүрүш Токтонасыровдун иши 22-мартта каралат. Аларга "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренелери боюнча айып коюлду.

"Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө бизди материал менен тааныштырган эмес. Сотко келгенден кийин карасак, ар бирибизге экиден иш токулуптур. Биз материалды карап, таанышып чыгышыбыз керек да. Караганыбыз жакшы болуптур. Анын ичинде көп нерсени жазып коюшуптур", - деди Абдирасулова.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришкен. Аларды милиция кармап кетип, суракка алган. Андан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Үч миллиондон ашык адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53