KELECHEK
rek

ДССУ: Согуш башталгандан бери Украинада 43 медициналык объектиге чабуул жасалды

ДССУ: Согуш башталгандан бери Украинада 43 медициналык объектиге чабуул жасалды

Мариуполь шаарындагы төрөт үйү аткылангандан кийинки көрүнүш

Украинада согуш башталгандан бери саламаттык сактоо мекемелери кеминде 43 жолу чабуулга кабылып, жыйынтыгында бери дегенде эле 12 киши каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Орусиянын Украинадагы аскердик агерссиясына арналган Коопсуздук кеңештин жыйыны бейшемби күнү Нью-Йоркто өттү.

"Кандай гана жаңжал болбосун, саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу – эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп эсептелет", — деди ДССУнун башчысы.

Ал бүгүнкү күндө орус аскерлеринин курчоосунда калган Сумы жана Мариуполь шаарларына гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Москваны тез арада ок атууну токтотууга чакырышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Европа биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Орусияны Украинада аскердик кылмыш кылып жатат деп айыпташты. Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскердик кылмышкер" деп атаган АКШ лидери Жо Байдендин айткандары менен толук макул экенин билдирди. Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Мариуполдогу адамдар жашырынып отурган драмалык театрга жасалган соккуну жана Чернигов шаарында 10 жай тургундун каза болгонун эске салды. Блинкендин айтымында, согуш башталган үч жуманын ичинде орус аскерлери жарандык объектилерге соккуларды уруп жатканы талашсыз болуп калды. Ал АКШ аскердик кылмыштар жасалып жатканын формалдуу түрдө ырастай турган далилдерди топтой баштаганын кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52