Украина Кара деңиз жээгинде газ казгандыгы үчүн Орусияны сотко берет
Украинанын убактылуу басып алынган аймактары жана ички миграция маселелери боюнча министри Вадим Черныш Украина Орусияны Кара деңиз жээгиндеги иштери үчүн сотко берерин жарыялады.
Арыздардын бири аннексияланган Крымдын жанындагы деңиз жээгинде жаратылыш газын казуу менен алектенүү ишине байланыштуу. Экинчиси, Кара деңиздин ошол эле аймагындагы биоресурстарды пайдаланууга тиешелүү. Соттук доо арыздар Украина БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясына таянат.
" Ушул күнгө чейин Украинага таандык деңиз аймагында жаратылыш газы казылууда. Газ басып алынган жарым аралга жеткирилүүдө. Украина Конституциясына ылайык, Орусия Украинага таандык мүлктү пайдаланып жатат", - деди Черныш.
Кен казуу иштерин "Черноморнефтегаз" компаниясы жүргүзүүдө. Ал мурун "Нафтогаз Украины" улуттук акционердик компаниясынын курамында болчу. Крым аннексиялангандан кийин ишкана кайра каттоодон өтүп, Орусиянын пайдасы үчүн иштеп баштаган. 2014-жылы премьер-министр болуп турган Арсений Яценюк украин бийлиги бул ишкана боюнча Стокгольмдогу Эл аралык сотко кайрыла турганын билдирген.
Буга чейин Украина ТИМ башчысы Павел Климкин Крым жана Донбасска байланыштуу өлкөгө келтирилген зыян үчүн конпенсация 50 миллиард доллардан ашарын айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12