
Армения Азербайжандын куралдуу күчтөрүн чек арадан өтүүгө айыптады

Армениянын Коргоо министрлиги азербайжан куралдуу күчтөрү Сюник чек ара аймагында “айрым иштерди жасоого” аракет кылганын билдирди.
Маалыматка караганда, 12-майда азербайжандыктар Сев көлүнүн (Кара көл) аймагынан Армениянын чек арасына өтүп, Веришен калктуу конушун көздөй үч чакырымга чейин кирип келген. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы билдирди.
Ар түрдүү интернет-булактар Ишханасар аймагында согуш жүрүп жатканы тууралуу маалымат таратышты. Сев көлү Сюник менен Тоолуу Карабактын чек арасында, Ишханасар тоо кыркасынын боорунда жайгашкан.
Армениянын Коргоо министрлиги согуш тууралуу кабарларды четке кагып, бирок Азербайжандын куралдуу күчтөрү “чек араны тактоо максатында” айрым иштерди жүргүзүүгө аракет кылганын белгиледи. Маалыматка караганда, армян аскерлери чара колдонгондон кийин азербайжандыктар бул ишти токтоткон. Ушул тапта абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
13-майда Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп, Сев көлүнө жакын аймактагы кырдаал талкууланды.
Пашинян бул окуяны диверсиялык аракет катары баалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52