KELECHEK
rek

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берет

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 12-майда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расмий каттаган вакциналарды сатып алышыбыз керек. Орусиянын "Спутник V" вакцинасын ДССУ каттай элек. Ошондуктан биз Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз”, - деди министр.

Ошондой эле ал ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 50 миңден ашык киши эмделгенин билдирди.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет.

Өкмөт буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Коронавирус пандемиясы башталган бери Кыргызстанда илдеттен 1675 киши каза болду. Дээрлик 100 миңге жакын киши вирус жугузуп алды. Анын 92 миңден ашыгы сакайып чыкты. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38