Түркия адам укуктары боюнча конвенцияны токтотуп койду
Түркия адам укуктары боюнча европалык конвенцияны убактылуу токтотуп турат. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Нуман Куртулмуш билдирди.
Анын айтымында, президент Режеп Эрдоган киргизген өзгөчө кырдаал тартиби бир же бир жарым айдын ичинде алынышы мүмкүн.
Буга чейин өлкө башчысы өзгөчө кырдаал үч айга киргизилгенин билдирген. Бул чара президентке парламенттен айланып өтүп жаңы мыйзамдарды кабыл алууга шарт түзөт. Укук коргоочулар бул кадам төңкөрүш аракетин колдогондорду куугунтуктоого алып келет деп кооптонушууда. Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер бейшембиде Түркияны өзгөчө кырдаал абалын болушунча тезирээк токтотууга чакырды.
16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш жасоо аракети болду. Бийлик аны басып коё алды. Козголоңго тиешеси бар деген шек менен 6 миңдей киши кармалды. Арасында жогору даражадагы офицерлер, аткаминерлер жана судьялар бар. Мектептерде жана жогорку окуу жайларында төңкөрүштүн тарапташтары менен байланышы бар делген кызматкерлер жумушунан алынууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









