Укук коргоочулар: Кыргызстанда жыл сайын 12 миңдей ала качуу болуп турат
Укук коргоочулардын баамында өлкөдө жыл сайын 12 миңдей кызды ала качышат. Алардын эки миңге жакыны сексуалдык зомбулукка кабылат.
БУУнун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын аялдарга карата 3 миңдей кылмыш жасалат. Тагыраак айтканда, зордуктоо, денеге жаракат келтирүү, токмокко алуу, катаал мамиле жасоо жана үй-бүлө курууга мажбурлоо учурлары катталып турат.
Расмий статистикага ылайык, өлкө калкынын 2 миллион 987 миңин аял кишилер түзөт. Эл аралык изилдөө жүргүзүлгөндө 150 миңден ашуу аял ала качуунун натыйжасында күйөөгө тийгени аныкталды.
Жакында эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда үй-бүлө куруу үчүн кызды алуу факты боюнча кылмыш иши козголду. 20 жашар Айнуранын ата-энеси кыздын пикирин эске албастан буга чейин ажырашып кеткен кишиге күйөөгө берип салышкан. Айнура аргасыздан Казакстанда жашаган курбусу Айгүл Аблаевага жардам суроого мажбур болгон.
Жабыркаган Айнура туугандарынын нааразы болушунан коркуп, эч кимди сотко бербей турганын билдирген. Учурда ал досторунун үйүлөрүндө жашоодо. Кыздын туугандары милиция жеке жашоого аралашты деп нааразылыгын айтып, башка органдарга арыз жазып кайрыла турганын билдиришкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05