«Кыргыз темир жолу» ишканасынын бөлүм башчысы вагондорду сатууга шектелип кармалды
Мыйзамсыз талкаланып, сатылган деп шектелип жаткан темир жол вагондору. Финансы полициясы берген сүрөт.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 29-октябрда (Финансы полициясы) кабарлады.
Анда айтылгандай, тергөө учурунда «Кыргыз темир жолунун» жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген.
Каржы полициясы билдиргендей, көрсөтүлгөн вагондор мамлекеттик ишкананын балансында турган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, вагондорду бузуу Мүлк фондунун адисинин катышуусу менен өтүшү керек болчу. Фонд берген жоопко ылайык, эч кандай уруксат кагаздары берилген эмес.
Каржы полициясынын маалыматына караганда аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда. Чыгымдын так суммасы эсептелип жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жарандын бөгөт чарасы 29-октябрда каралмакчы.
Кылмышка шектүү катары кармалган Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысынын аты-жөнү аталган эмес. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын сайтында бул кызматты "Кыргыз темир жолу" Джетенбаев Канат аркалаары көрсөтүлгөн. Кылмышка шектелип кармалды деп айтылып жаткан кызматкердин тараптары жана жактоочулары эч кандай комментарий бере элек.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05