Министрликке талапкер Аида Исмаилова депутаттардын сынына кабылды
Аида Исмаилова.
Парламентте талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлүп жаткан Аида Исмаилова 28-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын сынына кабылды.
Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын белгилеп: «Сиз сыяктуу аткаминерлер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту», - деп айтты.
Исмаилова күнөөсү жок экенин белгилеп, шайлоого оору боюнча кырдаал жөнгө салынгандан кийин кеткенин айтты. Ошондой эле ал парламенттик кайра шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок.
Депутат Дастан Бекешев быйыл июль айында коронавирус эпидемиясы күчөп турганда Исмаилова вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, талапкер катары шайлоого кеткенин эскертип: «Июль айында эл арасында нааразылык күчөп, абал оор болду. Жеке сиз кандай иштедиңиз?» деп суроо узатты.
Ага Исмаилова: «Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим», - деп жооп берди.
Бекешевдин: «Келерки шайлоого катышасызбы?» - деген суроосуна ал так жооп берген жок. «Эртең-бүрсүгүнү эмне болорун биз билбейбиз», - деди.
Исмаилова өкмөттө социалдык маселелер үчүн жооптуу вице-премьер болуп быйыл апрель айында дайындалган. Июль айында Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын алгачкы толкуну эң курч көрсөткүчкө жетип, өлүм-житим көп катталган. Исмаилованын вицелик ишин убактылуу токтотуп, августта «Биримдик» партиясынан шайлоого катышканы кеткени коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Социалдык түйүндөрдө өкмөт апрелде дайындалган мүчөлөрү октябрдагы шайлоого катышпай турганына убада бергени кызуу талкуу жараткан.
"Азаттык" үналгысы
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12